// //

Жигитим быйыл үйлөнөлү деп шаштырып жатат. А мен арсар болуп жатам

2020.04.13, 11:36
2173

Саламатсызбы. Жашым 20да. 16 жашымда бир бала менен таанышып, сүйлөшүп жүрдүк. Кийин урушпасак деле байланышыбыз үзүлүп, өзүнөн –өзү чалышпай калдык.

Арадан 4 жыл өтүп, кайрадан соцтармактардан бири-бирибизди таап алдык. Буга чейин эч ким менен сүйлөшпөй мени издеп жүрчү экен. Ортобузда кайра жактыруу сезими пайда болуп, ал быйыл үйлөнөлү деп сунуш айтып жатат. Мен сени окуусун бүтсүн деп 4 жыл күттүм, дейт.

Менде бир коркунуч сезими пайда болууда. Үй-бүлө куруу оңой эмес да. Анын үстүнө ал жалгыз бала. Баш кошкондон кийин жашообуз кандай болот?

Кеңеш бериңизчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.04.2020, 11:39

Виталий Пукаев

Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт

Сиз учурда олуттуу тандоо жасап жаткан чагыңыз: мындан аркы жашооңузду, үй-бүлөлүк турмушту жана өнөктөшүң менен мамилени. Бир чети сонун курак, катыңызды окуп, сизге азыркы тапта бардыгы жагып жаткандай, жана жашоону кескин өзгөртүүгө даяр эместей сезилип жатасыз.

Үй-бүлө куруудан башка пландарыңыз, белгилүү бир максаттарыңыз бар болсо керек. Ал эми сиз жазып жаткан мамилелер күтүүсүз жерден кайра пайда болду. Жигитиңиздин активдүү позициясы сизди ыңгайсыз абалга салып жатат. Анын шаштырганы жан дүйнөңүздү эки анжы кылууда.

Менимче, сизге бардыгын жакшылап ойлонуу үчүн убакыт керек. Ситуацияны толук түшүнүп, кабыл алып, анализ жүргүзүп, өзүңүздү шаштырууга жол бербеңиз. Жигит менен мамиле куруу жана турмушка чыгуу сиздин жакынкы пландарыңызга кирген эмес окшойт. Ушунча көп күмөн саноолордун пайда болгону да ушундан.

Ошондуктан “тезирээк чечим чыгарышым керек” дегенден көрө, тескерисинче шашылбай, тынчтанып, жан дүйнөңдү, чики туюмуңду, чыныгы каалооңду угуу зарыл.

Бул адамды канчалык деңгээлде жакшы таанайсыз? Экөөң бирге болгондо телегейиңиз тегиз боло түшөбү же бир нерсе жетпей тургандай болосузбу? Келечекке болгон пландарыңар дал келишеби? Кайсы жерде жашайсыңар? Ким менен жашайсыңар? Качан, канча балалуу болосуңар? Материалдык маселелерди кандайча чечесиңер? Жумуш маселесине көз караштарыңар кандай? – ж.б. Мунун бардыгы өзүнөн-өзу чечилип калчу маселедей сезилет. Бирок бардыгын алдын ала сүйлөшүп, макулдашып алган оң. Кийин түшүнбөстүктөр, пикир келишпестиктер жана нааразычылыктар азыраак болот.

Бактылуу болуңуз!

Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт