Демейде турсачан жүргөн атам келин алгандан кийин шым кийип калды
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет студент кыздын баянын жарыялайбыз. Эскертүү, каармандардын аты өзгөртүлдү.
Оозум ачылып ысык чайды саныма төгүп алдым
Апам экөөбүз манты жасап жатканбыз. Байкем жаңы эле жумуштан келген.
- Байке мурда эле үйлөнбөйт белеңиз.
- Эмнеге?
- Атам эртерээк джентльмен болмок дейм да.
Үчөөбүз каткырып жатсак, атам кирип келип калды. Шкафтан стакан алып, суу ичип, кайра аны чайкап ордуна коюп койду. Чыгып кеткенден кийин боорубуз эзилгиче күлдүк. Себеби атам эч качан минтчү эмес.
Убагында атам банктардын биринде жетекчилик кызматты ээлеген. Пенсияга чыккандан кийин үйдө отуруп калды. Кээде университеттерге барып лекция окуп келет.
“Ии байбиче, бүгүнкүгө эмне жумуш бересиз? Алманы бутактайынбы же жумуртка терип келейинби?” Апама тийишип эле басып жүрөт.
“Курсагың кантет? Жок дегенде могуну үстүңө кийип алчы!” Качан сабактан келбейин апам атамдын артынан жыйнап басып жүргөнүн көрөм. Өзү атам үйдө турсачан жүргөндү жактырат. Туугандар келип калса деле, бейкапар чай ичип отура берет. “Аскат байкеге ар дайым жай” дешип, кошуналар деле көнүп калды.
Жетекчилик кызматта иштеген дебедим беле, ошон үчүн болсо керек, буйрук бергенди жакшы көрөт. Жок, жок, жаман ойлобогула, өзү сонун киши, болгону мүнөзү ошондой. Жанында турган пультту алгандан эринип, сыртта жүргөн байкемди же мени чакырат. Ачка болгондо ашканага кирип, баарын чачып кетет. “Атаңар дагы бул жакка келдиби?” апамдын сөзүн угары мен кабинетине бекинип алат. Өзүнчө эле комедия.
Байкем быйыл үч жыл сүйлөшүп жүргөн кызына үйлөндү. Жеңелүү болуу башкача сезим экен, бул жактан туруп алып өзүнчө эле толкунданып жаттым. Ой чиркин, биринчи жолу келин алган атам менен апам бир айга чукул майрамдашты го.
Той бүтүп, кадимки жашоо башталды. Баарыбыз эртең мененки тамакка чогулуп атамды эле күтүп калдык. Тигине атам. Ой, шым кийип алганбы? Жеңем чай сунду. “Бактылуу бологой!” Атама эмне болгон? Оозум ачылып ысык чайды саныма төгүп алдым.
Азыр күн сайын шым менен көйнөк кийип жүрөт. Анын үстүнө үй иштерине жардамдашып, апама кол кабыш кылып, байкемдин машинасын оңдошуп, үлгү болчу кайын атага айланды. Баягы күнү биринчи жолу өз колу менен тамак жасап берди. “Мунуңду билсем, мурда эле келин албайт белем.” Айта берип чарчаган апамдын сүйүнүчундө чек жок.
- Ата?
- Оу кызым.
- Жеңем келгенден бери эмнеге шым кийип калдыңыз?
- Келинчегинин алдында уулумду уят кылгым келген жок.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым
Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр
Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур
376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым