// //

Кайын эжемдин кара кызына айткан сөздөрүн угуп таң калдым

2020.09.01, 16:59
10196

Bilesinbi.kg сайтына чыккан окуяларды калтырбай окуйм. Бир-эки окурмандын баяны мага кадимкидей мотивация берди. Эми минтип өзүмдүкү менен бөлүшөйүн дедим. Дароо айтып коеюн, кооздоп жазганды билбейм.

Буйруса мен дагы балдарымды кайын эжемдей кылып тарбиялайм

Бул үйгө келин болуп келгениме сегиз ай болду. Буга чейин кайын эжемди жанынан көрө элек болчумун, кызы менен Россияда жашачу. Карантинде Кыргызстанга кайтып келди, ошондо биринчи жолу жолуктук.

Кайын эжем ак жумал, сулуу, боорукер аял экен. Сынагандай болбоюн, бирок алты жаштагы кызы таптакыр өзүнө окшобойт: кара-тору, бетинин баары сепкил, көзү бүтүрөйгөн, мурду чоң, арык, чачы тармал. Бир көргөн киши багып алганбы деп ойлошу да мүмкүн.

Кайын энем, “атасына окшош” дегенде, “а, өзүнүкү турбайбы” дедим.

Бул жактан квартира сатып алган экен. Ремонту бүткүчө бир ай биз менен жашады. Ошондон кийин кайын эжемди “вообще” сыйлап калдым. Баса, күйөөсү экөө ажырашып кетишиптир. Башкага үйлөнгөндөн кийин, кызынан кабар албай калыптыр.

“Сен сулуусуң”, “бетиңдеги сепкилдер сени өзгөчө кылып турат”, “чачтарың сонун”, “сен кара эмессиң, шоколадка окшогон таттуусуң” ж.б. Бөлмөсүнүн жанынан өтүп баратып тык токтоп калдым. Акырын эшиктин кырынан карасам, кызынын чачын тарап жатыптыр.

Эх, эгер менин ата-энем ушундай сөздөрдү айтып чоңойтсо, толгон-токой комплекстерим жок болот эле. Балким, мындан дагы чоң-чоң ийгиликтерге жетмекмин. Азыр болсо ар кайсы жеримди карап алып өзүмдү басынта берем.

Бир жолу кызы куурчак ойноп, кыңылдап ырдап жаткан. Тыңшасам, “мен күчтүүмүн”, “мен акылдуумун”, “мен сулуумун”, “мен боорукермин”, “баары мени жакшы көрөт”, деген сөздөрдү колдонду. Жанында "туптуура кызым", -деп апасы отурат. 

Кызына ичим күйдү, анын ордунда болгум келди, анткени ал чоңойгондо сөзсүз бактылуу болот. 

Эгер бардык ата-энелер кайын эжемдей болсо, балалыгыбыз бактылуу өтмөк. А бизде болсо кандай, “эшектин баласы”, “чочко”, “сени кайдан төрөдүм”, “акылы жок”,  “колуңдан эч нерсе келбейт”, “сен эмнени билмек элең”, “башты оорутпай ары тур”, “бокту көрө элексиң” ж.б. Мен мунун баарын уккам, ошон үчүн айтып жатам.

Буйруса мен дагы балдарымды кайын эжемдей кылып тарбиялайм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт