Баламдын териси кургай берет, доктур жазып берген мазь жардам берген жок
Саламатсызбы. Балам төрөлгөн күнүнөн тартып эле денеси кургап түшө баштаган. Дерматолог “ихтиоз” деген диагноз койгон. Жети айына чейин Салициловая мазь сүйкөп, кийин кайра алып келесиңер деген. Териси дагы деле ошондой, доктур жазып берген мазь жардам берген жок. Дагы кандай мазь колдонсо болот? Бул оорудан айыгып кетеби, себеби эмне? Күйөөм экөөбүздө тең мындай оору жок.
Бакыт Курманалиева
Дерматолог
Саламатчылык. Ихтиоз – бул тукум кууй турган оору. Сөзсүз эле ата-энеден эмес, бул оору чоң ата-чоң эне, таята-таянеден деле болушу мүмкүн.
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө ихтиозду толугу менен айыктыруу мүмкүн эмес. Бирок бейтаптын абалын, күнүмдүк тиричилигин жеңилдетүү үчүн териге өзгөчө кам көрүп туруу зарыл.
Салицил мазынан тышкары А жана Е витаминин камтыган “Унна” деген крем бар, ошону да колдонуп көрүңүз. Бул мазды аптекалар өздөрү даярдашат.
Балаңызды сөзсүз толук медициналык текшерүүдөн өткөрүңүз. Ихтиозду жөн гана крем, мазь менен дарылоо жетишсиз, ага витаминдерди, микро элементтерди да берүү керек.
Ден соолукта болуңуз.
Бул жерден дагы окусаңыз болот:
Бетимдеги анарды кантип жок кылсам болот? Онкодерматолог жооп берет
Псориаз деген кандай оору? Дерматолог айтып берет
Таманым кесилип кургай берет, эмне кылышм керек? Дерматолог жооп берет