// //

Бетимдеги анарды кантип жок кылсам болот? Онкодерматолог жооп берет

2020.03.13, 10:39
2051

Саламатсызбы. Силерге төмөнкү суроом менен кайрылгым келди. Мүрдүмдүн үстүндө, бетимде жана кашымдын ортосунда анарым бар. Бул нерсе мага көйгөй жаратат, өзгөчө жаңы адамдар менен таанышканда. Кантип арылсам болот, кеңеш бересизби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.03.2020, 10:41

Алмаз Якубов

Онкодерматолог

Саламатчылык. Ар бир кал же анарады алып салаардан мурун онкологго көрүнүү зарыл. Жөн эле косметологго же дерматологго баруу жетишсиз. Себеби айрым калдарды алып салган болбойт, анткени ал онкологиялык оорунун пайда болуусуна себепкер болушу мүмкүн.

Калды алгач дерматоскоп деген аппарат менен текшеребиз. Андан кийин онкомаркерлерди, атайын кан анализдерди, цитологиялык изилдөөлөрдү тапшырып, УЗИге түшөсүз. Ушул процедуралардан кийин гана врач алса болот же болбойт деген чечим чыгарат.

Бардык анализдердин баасы 1000 сомдун тегерегинде болот.

Учурда кал алуунун төрт түрү бар. Врач менен кеңешип, сизге ылайыктуусун тандап аласыз.

Ден соолукта болуңуз!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт