Таманым кесилип, кургай берет. Эмне кылышым керек? Дерматолог жооп берет
Саламатсызбы. Таманым, согончогум, кесилип кургай берет. Ар кандай крем, майларды сүйкөп көрдүм. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Эмне кылсам болот?
Бакыт Курманалиева
“Эркай” клиникасынын адиси, дерматолог
Жыйынтыгы жок болгону, мыйзам чененмдүү көрүнүш. Себеби сиз оорунун сырткы белгилери менен гана күрөшүп жатасыз. Крем, маздар убактылуу гана эффект берет. Дарыланууну натыйжалуу болушун кааласаңыз комплекстүү дарыланыңыз.
Алгач “грибоктун” бар жогун аныктоо зарыл. Себеби алар организмдеги витаминдерди өзгөчө А жана Е тобундагы, пайдалуу микроэлементтерди жеп салышат. Натыйжасында дененин териси кургак болот.
Андан тышкары боорду жана өттү УЗИден текшерүү керек. Бул органдардын ишишндеги кемтиктер да тери ооруларына алып келет.