Псориаз деген кандай оору? Дерматолог айтып берет
Дерматолог Бакыт Курманалиева псориаздын себептерин, белгилерин жана дарылоо жолдорун Bilesinbi.kg’ге айтып берди.
Себептери
Псориаз бул өнөкөт оору. Анын так себеби азыркы күнгө чейин аныктала элек. Эмнеден улам пайда боло турганын түшүндүргөн бир нече теория бар.
- Инфекциялык оорудан кийин өтүшүп кеткенде пайда болот
- Катуу стресске кабылганда, нерв болгондон кийин пайда болот
- Организмдин зат алмашуусу бузулганда
- Тукум кууйт. Атасы же энеси ооруса балага да өтөт.
Белгилери
Псориаз мезгил-мезгили менен пайда болуп, бир учурда күчөп, кийин кайра азайып калат. Көпчүлүк учурда кышкысын жана жаз айларында күчөйт.
Азайып калганда ремиссия учуру - деп аталат. Ремиссия мезгил аралыгы ар кимдики ар кандай болот. Айрымдарыныкы бир жылда бир кармаса, башкалардыкы 2-3 айда бир болуп турат. Айрымдардыкы ремиссия учуру 10 жылга чейин созулат.
Ремиссия – оорунун убактылуу басаңдашы, азайышы, белгилеринин төмөндөшү.
Клиникалык сүрөттөмөсү:
- өңү кызгылтым (розовый)
- формасы тегерек
- ортосу сууланып кийин какачтанып турат, кычышат
- жаралар жарылып канайт
- майдалары биригип, бир чоң жарага айланат
Жайгашкан жерлери:
- чыканакта
- тизеде
- чачтын арасында
- күчөп кеткенде толугу менен денеге тарайт.
Псориаз организм үчүн чоң коркунуч жаратат. Өтүшүп кеткенде сөөк оорусуна айланып, адамдын денеси шишип кетет. Тери бүтүн эле кызыл болуп калат - бул оор формасы.
Псориаздын бир нече стадиялары бар:
- Прогресс стадиясы. Оорунун пайда болушу жана күчөшү.
- Стационардык мезгил. Бул учурда оору бир калыпта өтүп, жаңы элементтер пайда болбойт.
- Регресс стадиясы. Оору азайып, жаралар жоголот (бирок бул айыкты дегендик эмес). Оорунун элементтери баштан ылдыйды түшүп, азаят.
Дарылоо
Белгилүү бир препараттардын атын атай албайм. Себеби интернеттен окуп алып өз алдынча дарыланган адамдар көп.
Ар бир адамдын организминин өзгөчөлүктөрүнө, жаш курагына ж.б. жараша индивидуалдуу дарылануу жазылат. Ошондуктан белгилүу бир препараттар жазыла турган тизмек жок. Бир адамга бир мазь жараса, экинчисине ал такыр жардам бербейт, кээде күчөтүп да жибериши мүмкүн.
Тери оорулары ички патологиялардан улам пайда болот. Ошондуктан бейтап толугу менен текшерүүдөн өтүп, анализдерди тапшыргандан кийин, комплекстүү дарыланат.
Дарыгерлерге көпчүлүк учурда псориаз өтүшүп кеткенде, оор абалга жеткенде кайрылышат. Элден суранарым, өз алдынча үй шартында дарыланбагыла. Ар ким берген кеңештерди жасап, өзүңүзгө же жакындарыңызга эксперимент жасабагыла.
Тилекке каршы бул оорудан толугу менен айыгып кетүү мүмкүн эмес. Псориаздын рецидив боло турган учуру каалаган мезгилде кайталанат. Ошондуктан бейтап дерматологдун көзөмөлүндө болууга тийиш.
Рецидив – оорунун кайталанышы, кайра кайтып келиши.
Саламатсызбы мен да ушул оору менен кичинемден ооруйм.Ал мезгилде маани берген эмес экенмин, эс тартып чонойгондон бери ойлонуп кыжаалат болуп кетем.Больницага да жатып чыктым жыйынтык берген жок.Жакында жыйырмага толом суйлошкон балам куздо той кылайлы деп жатат.Бул оору жонундо айтпадым турмушка чыккандан кийин да чыга береби, ошондо жооп берип коюнуздарчы сураныч.