Турмушка чыккандан корком, ошондуктан бардыгынан баш тартып келем
Саламатсызбы. Менин суроом төмөндөгүчө: жашым 20да, жакшы үй-бүлөнүн кичүү кызымын, ата-энем, бир туугандарым бар. Окуумду аяктап, жакшы жумушка орношком.
Колумду сураган жигиттер көп, бирок бардыгынан баш тартып келем. Былтыр бир жигит ала качып да кетти, көгөрүп отурбай койдум. Кийин ал башкага үйлөндү, бир чети кызганып кыйналдым.
Турмушка чыккым келет, бирок жашообуз кандай болот, жашап кете албай калсакчы, ажырашсам кантип жашайм, деген ойлор эзип салды. Ушул коркуу сезимин кантип жеңсем болот?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Сиз азыр болгону 20 жашта экенсиз. Эми гана бутуңузга туруп, көздөгөн пландарыңызды ишке ашырып баштадыңыз. Эмне үчүн турмушка чыкканга шашып жатасыз? Өзүңүз психологиялыкк жактан да даяр эмес экенсиз. Жаштыгыңыз менен ырахаттанып, потенциалыңызды ачып, алдыга көптөгөн максаттарды коюп, ага жетүүгө аракет кылыңыз да.
Сиздин башкы көйгөй, өзүңүздү-өзүңүз турмушка чыгууга кыйнап жатасыз, бирок бул кадамга такыр даяр эмес экениңизди көз жаздымда калтырып койдуңуз. Ички туюмду угууга үйрөнүңүз, жеке каалоолоруңуз мене эсептешиңиз.
Ал эми күйөөгө тийгенден коркуу сезими ал башка маселе. Мен сиздин катыңызды жакшы түшүнгөн жокмун. Жакшы үй-бүлөдөнмүн, ата-энем, бир туугандарым бар деп жатасыз. Демек, сиз мыкты үй-бүлөнүн үлгүсүн көрүп чоңойдуңуз. Үй-бүлөлүк жашоо бул бактысыздык, ажырашуу деген идея эмнеден улам калыптанып калган?
Кааласаңыз психологго кайрылып, ичтеги коркуу сезимдери менен иштеп көрүңүз. Бул жан дүйнөнү жакшыраак түшүнүүгө өбөлгө болот.
Ийгилик!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?
Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?