// //

Кайын энем “өлгөн күнүмдү той кылсаңар, менден бирди көрөсүңөр” деди

2020.08.24, 15:18
10313

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет өзгөчө кайын энеси тууралуу айтып берген мырзанын катын жарыялайбыз. 

"Мени сыйласаңар, көзүмдүн тирүүсүндө сыйлагыла!"

Кайын энем сексендин кырын ашып калды. Өтө акылдуу, кыраакы, көрөгөч киши. Адамды бир карап туруп эле кандай экенин айтып коет. Бут кийимин алып берип же туруп баратканда жөлөп калсаң жаман көрөт. “Мени эмне карыды деп ойлоп жатасыңарбы, тур ары өзүм эле кылам”,- деп капаланат.

Балдары бир күн чалбай койсо, өзү чалып “энеңе беш мүнөт таба албай калдыңбы, балдарыңа кандай үлгү берип жатканыңды билесиңби”, -деп урушат. Баскан турганы, кылган иш-аракети, сүйлөгөн сөздөрү бүт үлгү.

Кыздарын бери кой, күйөө балдары “апалап” батасын алганга ашыгып турабыз.

Аялым дагы апасына окшоп оор басырыктуу. Бир нерсе кылаарда ар дайым аны менен кеңешем. Ошентип жүрүп көп нерсеге жетиштим. Айрым досторум, “подкаблучник” деп шылдыңдашат. Мага баары бир. Анткени аялымдын сөзүн угуп, жаман бир нерсе көргөн жокмун.

Кайын энем эки кылым жашап койду. Ойлонгону таптакыр башкача.

“Мени сыйласаңар, көзүмдүн тирүүсүндө сыйлагыла. Жаназамда келип алып, калп ыйлаганыңардын кереги жок. Өлгөн күнүмдү той кылып, элдин көзүнө көрүнүш үчүн жылкы союп, дүркүрөтүп дастаркон жайбагыла. Мына, мен тирүү турам, азыр мал союп, азыр дасторкон жайып коноктогула. Гүл бергиңер келсе, азыр бергиле. Кучактагыңар келсе, азыр кучактагыла. Эгер өлүп калсам, ишиңерди токтотуп, алыстан келем дебегиле. Кайда болсоңор, ошол жерден  “кош, апа” деп койгула. Мен баары бир бул жакта жок болом. Ыйлап эстебегиле, күлүп эстегиле. Анан менин атыман садака берип, куран окутуп турганды унутпагыла. Мага башка эч нерсенин кереги жок.”

Бир убактарда кайдагы бир досторго кошулуп ичимдикке берилип кеткем. Ошондо кайын энем өзүнө чакыртты. 

“Уулум, жашоонун жыргалын арактан издеп туура эмес кылып жатасың. Ал ак болгону менен, ниети кара. Жашоо сеники, эгер “жок апа, мен ичем” десең, кызым менен неберелеримди колума тапшырып кой, анан төрт тарабың ачык. Мага азгырыктарга туруштук бере албаган күйөө баланын кереги жок. Чыныгы эркек антпейт! Мен айтчумду айттым, бошсуң!”

Мынчалык эч кимден уялган эмесмин. Апамдын мага болгон сыйын жоготуп алдым деп көчөдө ойлуу баратсам, кайын энем чалып калды. "Бери кара, азырынча менин сага болгон сыйым жоголо элек.” Трубканы басып койду. Сүйүнгөн бойдон үйүмө жөнөдүм.

Апам сексен эки жашында каза болду. Мен анда чет өлкөдө командировкада элем. Айтканын аткарып, ичимден “кош апа” дедим.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт