// //

Бул вирус менен оорубасам, кыры сынык чыныдан чай ичип жүрө бермекмин

2020.08.22, 18:44
13254

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жашоосунун жарымын текке кетиргенине өкүнгөн адамдын баянын жарыялайбыз.

Мен буга чейин эле тирүүлөй өлүк болчу экенмин.

Түн. Чүмкөнүп алып төшөктө жатам. Көзүм терезеде. Жел уруп парда ачылган сайын ай көрүнөт. Кудайга шүгүр, бүгүн температурам көтөрүлбөдү. Бирок, дале алсызмын. Саат канча болду экен? Телефонумду күйгүзгөнгө шай жок. Ойлор... Тынбай биринин артынан бир келет. Адам ушинтип эле өлүп калат турбайбы?

Кечээ кошунабызды жерге беришти. Ал эми мурдагы күнү тайкемен, ага чейин жакын досумдан айрылдым. Бул оору менен эч бирөөнө бара албадым. Ичимден коштошуп кала бердим.

Бир нерсе айтсам ишенесиңерби? Мен буга чейин эле тирүүлөй өлүк болчу экенмин. Таң калып жатасыңарбы? Анда себебин түшүндүрүп берейин.

“Акча, акча, акча” деп жүрүп жаштыгым кетти. “Үй салыш керек”, “машина алыш керек” ж.б. Салдым, алдым, эмне болду? Бактылуу болуп кеткен жерим жок. Көзүмдү жумуп алып тынбай иштедим. Жашоонун ырахатын көрбөдүм! “Азыр үй салып алайын анан эс алам”, кайра “эми машина алып алайын анан точно эс алам”. Мына төшөктө онтолоп эс алып жатам. Бетимди бырыш, чачымды ак баскан. Кайран гана жаштыгым. Адам баласына аз гана нерсе керек экенин ошондо түшүнсөм кана!

Ушул убакка чейин өзүм үчүн эмес бирөө үчүн жашаптырмын. Алсак, үйүмдү кыялымдагыдай кичинекей жыгачтан эмес, эл батпай калса уят деп чоң кылып салдым. Мына эми, бош бөлмөлөр жөн эле муздап турат. Элге эмне, эки жылда бир келип, сынап, тебелеп кетет. Болду.

Кооз идиштерди өзүмдөн аяп, кыры сынык, түбү сары чыныга чай ичип жүргөнүмө эмне дейсиңер. Мына азыр өлүп калсам, баары коробкасында ачылбаган бойдон калат.

Жаңы кийимдеримчи? Жакшылыкка кие турган киши элем, минтип жамандыктын алдында турам. Ар бир күнүм жакшылык экенин 39 градус температура болгондо түшүндүм. Бүт өмүрүм тизеси чыккан, колтугу айрылган кофта менен өттү.

Эң өкүнүчтүүсү өлсөм өзүм менен эч нерсени алып кете албайт экем.

Болду. Бүттү. Сакайып кетсем, баарын өзгөртөм. Калган өмүрүмдү өзүм үчүн сарптайм. Айыгып кеттим.

Шкафтагы жаңы кийимдеримди кийдим. Эски чыныларды ыргытып, элге деп өзүмөн бекитип жүргөн идиштерди алып чыктым. Жаштыгымды, нервимди алган үйдү сатып жибердим. Шаар четинен жер алып кичинекей жыгач үй курдум. Машинамды велосипедке алмаштырдым. Себепсиз шоколад, балмуздак алып жечү болдум.

Ички туризмди өнүктүрүп саякатка чыга баштадым. Авиарейстер ачылса эле, кыялымдагы чет өлкөгө барып келем. Элдин сөзүнө такыр маани бербей калдым. Алар болсо тынбай артымын шыбырап жатышты: Карып деле калды, жөн эле отурса болмок. Мага баары бир, эң негизгиси мен бактылуумун. Мен тирилип жашай баштадым. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт