// //

Кайын иним кайын энем экөөбүздү жакындатуу үчүн бул ишке барыптыр

2020.08.14, 16:11
12128

Bilesinbi.kg сайтына чыккан окуяларды окугандан кийин, өз баяның менен бөлүшпөй кое албайт экенсиң. Меники чакан эле, бирок айрымдар үчүн кызыктуу болушу мүмкүн. 

Келгенден бери кайын энеме жакпай койдум. “Чынынын гүлү артты карап калыптыр, ордуна туура койбойсуңбу”,-деп эле артыман аңдып турчу. Шыпыргыны ордунан 10 см алыс жатып калса, болду согуш башталат. Башында кайын энемди түшүнгөнгө аракет кылып жүрдүм. Адам болгондон кийин, биздин деле чыдамыбыз түгөнөт экен.

Россиядан кайын иним келип үй-бүлөбүздү сактап калды.

“Менин жеңем сиз болосузбу?” Кирип келип эле бетимден өөп учурашты. Үйдөгүлөрдүн баарына белек алыптыр. Мени да унутпаптыр. “Сизге өзүм тандадым”,-деп кооз көйнөк берди. Аябай сүйүндүм. Азыр ошол көйнөктү кийип алып баян жазып отурам.

Күйөөм келери-кеч жумушта. Үйдө эмне болуп жатканы менен деле иши жок. Ал келгенде кайын энем мени “кызым” деп чакырып калат. 

Кайын энем өзгөрдү. Кылгандарыма мурункудай асылбай, кайра өзү жардамдаша турган болду. Башында маани берген жокмун. Себеби ачуу сөздөрүнө дале таарынычым бар эле. Бара-бара таптакыр башка адам болуп калды. Күйөөм жок күндөрү деле, “кызым” деп чакыра баштады.

Бир күнү идиш жууп жатсам кайын иним келип, “жеңе, апамдын башы ооруп жатыптыр, барып кармалап берип коесузбу”,-деди. Барсам кайын энем телевизор көрүп отуруптур.

- Апа, башыңызды кармап берейинби?

- Башымдан ооруп жатканын кайдан билдиң?

- Неме...

- Мейли, кармасаң кармап берчи, чыдабай калдым.

Ал аңгыча сүйлөшүп отуруп көп окшоштуктарыбызды таптык. Мисалы, экөөбүздүн тең жаңгакка, жүнгө, унга, чөпкө аллергиябыз бар экен.  

Көрсө, кайын иним экөөбүзгө алмак-салмак келип “апам же жеңем сиз жөнүндө жакшы сөздөрдү айтты”,- деп, оюнан ар нерселерди чыгарып, акырын шыбырай берчү экен. Анан кайын энем экөөбүз тең анын сөзүнө ишенип, “мени жакшы көрөт турбайбы”,- деп жибий баштаптырбыз. А чынында ит-мышыктай болуп эле жүргөнбүз. 

Азыр кайын энем экөөбүз эмне гана жумуш болбосун чогуу акылдашып кылабыз. Кайын иним болсо, кайра Россияга кеткен. “Ии, кандайсыңар анан”,-деп күлүп чалып калат. Кетип жатканда тартынып рахмат айта албай калгам. Азыр силер аркылуу ырзаачылыгымды билдиргим келет. Бакы, чоң рахмат сага!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт