Келинчегимдин жыныстык катнашка кызыгуусу жок, эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Биз турмуш курганыбызга 10 жыл болду. Эки балабыз бар, 5 анан 3 жашта. Бактылуу үй-бүлөбүз десем болот.
Бирок, мени ойлондурганы, келинчегим төшөктө анча эмес, кызыгуусу жок. Кыйытып айтып көрдүм, түшүнгүсү келбейт. А мага энергиялуу айымдар жагат.
Келинчегиме өз оюумду кантип жеткирем? Ойнош күтүп, очогумду бузгум келбейт.
Наталья Ивахник
Сексолог
Саламатчылык. Эгер сиз өзүңүзгө интимдик катнашта пассивдүү, секске кызыгуусу жок өнөктөштү тандап алсаңыз, тилекке каршы, аны өзгөртүү өтө кыйын. Абалды өзгөртүү үчүн мотивация, каалоо керек.
Эгер башында активдүү болуп, кийин пассивдүү болуп калса, анда анын пассивдүү болуп калышына эмне себеп болгонун билип, аны жок кылууга аракет кылуу керек.
Кыйытып айтып эмес, өз каалоолоруңузду ачык жана даана жеткириңиз. Бири-бириңердин керектөөлөрүңөрдү кандайча кандырасыңар, сүйлөшүп макулдашып алгыла.
Сиз үчүн анын активдүү болушу канчалык деңгээлде маанилүү экенин түшүндүрүңүз. Келинчегиңизден да ал эмнени күтүп жатканын сураңыз. Эгер ал жыныстык катнашты милдет катары көрсө, андан эч кандай ырахат албаса, бул да көңүл кош мамилеге алып келет, активдүу болууну каалабайт.
Балким, күнүмдүк жашоодо же ортоңордогу мамиледе бир нерсени өзгөртүү керек? Келинчегиңиздин энергиясы, күчү эмнеге кетип жатканын сураңыз. Балким түйшүгү көп, ал жөн гана чарчап калып жатат?
Аялыңызга жылуу мамиле жасап, комплимент айтып, энергиясын интимдүү мамилеге бурууга аракет кылып көрүңүз.
Ийгилик!
Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @natalia.ivahnik баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден жыныстык катнаш тууралуу башка материалдарды окусаңыз болот:
Канча жаштан баштап жыныстык катнашка барса болот? Сексолог айтып берет
Төрөттөн кийин аял кумар албай калышы мүмкүнбү? Сексолог жооп берет
Мен аялымдын канып калганын кантип түшүнөм? Сексолог жооп берет
Күйөөм менен кошулганда оорутат, эмне кылсам болот? Сексолог айтып берет