Силикон салдырбай туруп төштү чоңойтсо болобу? Маммолог жооп берет
Саламатсызбы. Силикон салдырбай туруп, төштү кантип чоңойтсо болот?
Аида Осомбаева
Маммолог
Саламатчылык. Эч кандай крем, мазь, капуста ж.б. менен төштү чоңойтуу мүмкүн эмес. Эмчек, мындайча айтканда, майдан турат. Эгер аял толсо, эмчеги да чоңоет, арыктаса, кичирейет. Идеалдуу көрүнүш, бул өзүңдү кандай болсоң, ошо бойдон кабыл алуу. Спорт менен машыгыңыз, туура тамактаныңыз.
Ал эми сиз үчүн бул абдан маанилүү болсо, пластикалык хирурга кайрылыңыз. Силикон импланттары, өз майыңдын эсебинен көкүрөктү чоңойтуу (липосакция, липофиллинг) ж.б. ыкмалары бар.
Так жооп алуу үчүн пластикалык хирургдун өзүнө кайрылып, консультация алуу зарыл. Аны менен бирге сизге ылайык келе турган вариантын тандап аласыз.
Ден соолукта болуңуз!
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Маммологдун башка жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?
Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты, бирок дагы деле сүтүм бар
Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болу, эмнеден болушу мүмкүн?
Мен эркекмин көкүрөгүмдо без бар, жок кылса болот? Маммологдун жообу