Операциядан кийин эмчегим кайра оорутуп жатат. Мазь сүйкөп койсом жетиштүүбү?
Саламатсызбы. 2012-жылы мастит болгон элем. Андан кийин кыздуу болуп, былтыр ошол эле көкүрөгүм мастапатия болуп, ичинен без алдырттым. Операция 45 мүнөткө созулган. Эми ошол эмчегим кичинеден ооруй баштады. “Мастапар” деген мазды сүйкөп коем. Андан башка эмне кылышым керек?
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” борборунун адиси, маммолог
Саламатчылык. Операциядан кийин жарым жылда бир текшерүүдөн өтүп турушуңуз керек. Жок дегенде УЗИге түшүү зарыл, анын үстүнө сиздики оорутуп, тынчыңызды алып жатыптыр.
“Мастапар” мазын операциядан кийин кандай схема менен сүйкөсөңүз, так ошондой кылып колдонуп турсаңыз болот. Бирок, бул баары бир көйгөйдү чечпейт.
Шартыңыз болгондо сизди дарылаган доктурга кайрылып, бир сыйра медициналык текшерүүдөн өтүп коюңуз.
Ден соолугуңузга сак болуңуз.
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Маммологдун башка жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?
Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты, бирок дагы деле сүтүм бар
Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болу, эмнеден болушу мүмкүн?
Мен эркекмин көкүрөгүмдо без бар, жок кылса болот? Маммологдун жообу