Бир кыз жигитимен боюмда бар деп, бизди коркутуп, акча сурап жатат. Эмне кылсак?
Саламатсызбы. Силерден кеңеш сурайын дедим эле. Жигитим менен сүйлөшүп жүргөнүбүзгө үч жыл болду, жакында үйлөнөлү деп жатканбыз. Учурда ал Москвада. Карантин учурунда иштебей, үйдө отуруп калганына байланыштуу бир кыздан карызга акча алган экен. Кийин толук кайтарып бериптир.
Бирок тиги кыз мага чалып, жигитиңен боюмда бар, деп коркутуп, акча доолап жатат.
Жигитим болсо, ал кыз менен болбоптур. Эмне кылсак болот?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Эгер жигитиңиз ал кыз менен жыныстык катнашка барбаса, эмне себептен анын коркуууларынан коркуп жатасыңар? Мен үчун ушул жагы түшунүксүз болуп турат. Андыктан бул ситуацияга юридкалык баа бериш кыйын.
Жигитиңиз менен бактылуу болуңуз!
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?
Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?
Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?
Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?