Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйдү кантип өзүбүзгө алсак болот?
Саламатсызбы. Биз кайын атам, өгөй кайын энем, кайним болуп турабыз. Кайын атамдын үйү бар, ал жерде өгөй кайын энемдин баласы аялы менен жашайт. Биз жашап жаткан үй кайын энеме катталуу.
Эми алар өзүңөр жер алгыла, үй салгыла, деп бизди кууп жатышат. Кичинекей бала менен силерди бакпайбыз дейт. Болбосо, биз аларды багабыз.
Кайын атамдын үйү, бирок өгөй кайын агам жашаган үйдү кантип өзүбүзгө алсак болот? Сот аркылуу кайтара алабызбы?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Өгөй кайын агаңыз жашаган үй кайын атаңардын атында болсо, мыйзам чегинде көзү ирүү кезинде эч нерсеге укугуңар жок. Ал кишинин көзү өткөндөн кийин эгер бирөөгө каттатып кетпесе, мурас катары ала аласыңар. Ошондо да башка бир туугандар арасында тең бөлүнүүгө тийиш.
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.