// //

Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?

2020.06.05, 14:24
1557

Саламатсызбы. Менин суроомду чыгарып коесузбу. Шаарда батирде турат болучумун. 5-апрелге чейин акчасын төлөгөм. Карантин башталып калып, айылга келгем, жүктөрүмдүн жарымы квартирада калган. Азыр барып жүгүмдү алып кетейин десем, эки айдын акчасын бер, андан кийин берем дейт. Менин азыр төлөгөнгө каражатым жок. Жүктөрүмдү алып кеткенде деле ошол учурда квартирант таппайт эле да. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.06.2020, 14:26

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Урматтуу окурман! Сиздин суроо өтө орчундуу, жана көйгөйлүү маселе. Юридикалык жагына басым жасай турган болсок, ортоңордо келишим бар беле? Ал келишимде ушундай жагдайлар эске алынды беле?

Эгер батирдин кожоюну менен тил табыша албасаңар, салык кызматына арыз менен кайрылып, кожоюндун батирди ижарага берүү ишмердүүлүгүн текшертип, мыйзам чегинде чара көрсөңүз болот. Анткени ижарага батир берүү да экономикалык ишмердүүлук болуп саналат, жана акча таап жаткандыгы үчүн ижарага берүүчүлөр салык төлөөгө милдеттүү.

Ийгилик!

Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?

Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?

Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт