Жатынымды алдырткандан кийин күйөөмдү каалабай калдым. Сексологдун жообу
Ушул жылдын май айында кесерево жолу аркылуу төрөгөм. Тилекке каршы, доктурлар жатынымды алууга аргасыз болушуптур.
Азыр мени ойлонтуп жакан нерсе, төшөктө күйөөмдү каалабай калдым. Жатынымды алдыртып салгандан улам болушу мүмкүнбү? Өзүм 28 жаштамын.
Наталья Ивахник
Сексолог
Саламатчылык. Жатынды алдырып салууга аргасыз болгонуңар аябай өкүнүчтүү.
Сизге алгач гинекологдун консульациясы керек. Операциядан кийинки кесепеттер органимздин жалпы абалына эч кандай таасирин тийгизип жаткан жокпу, мына ушуларды аныктоо зарыл.
Психологиялык жактан болсо, жатыныңыз жок экенин кабыл алыңыз. Мурункудай сезимдер болбошу мүмкүн, бирок бул сексуалдык жашоо жокко чыгып калат дегендик эмес.
Жатын моюнчасында рецепторлор болот, аларды стимулга келтирип козгогондо аял ырахат алат. Ошондой эле жыныс кынында да рецепторлор көп. Жатындын рецепторлору жок болгон соң, ал функцияны жыныс кынынын рецепторлору аткарат.
Жатындын жок болушу сексуалдык жашоодон баш тартууга негиз эмес. Болгону жыныстык катнаштын башка ыкмаларын, башка позаларын колдонуп, кумар алуунун жаңы жолдорун издеңиз. Жолдошуңуз менен жакындыкка баруудан баш тартпаңыз.
Бактылуу болуңуз!
Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @natalia.ivahnik баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден жыныстык катнаш тууралуу башка материалдарды окусаңыз болот:
Канча жаштан баштап жыныстык катнашка барса болот? Сексолог айтып берет
Төрөттөн кийин аял кумар албай калышы мүмкүнбү? Сексолог жооп берет
Мен аялымдын канып калганын кантип түшүнөм? Сексолог жооп берет
Күйөөм менен кошулганда оорутат, эмне кылсам болот? Сексолог айтып берет