Пневмония болуп боюмдан алдырууга аргасыз болдум, кийин төрөй аламынбы?
Саламатсызбы. Сурайын дегеним, пневмония менен ооруп калганыма байланыштуу боюмдан алдырууга аргасыз болдум. Дары менен түшүрдүм. Көптөн бери күтүп жүргөн элем, айла жок болуп калды. Эми кайра эле боюма бүтөбү? Төрөй аламынбы?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Эгер кош бойлуулукту токтотуу ыкмалары жөнүндө айта турган болсок, медикаментоздук, башкача айтканда дары менен түшүрүү эң коопсуз жолу катары белгилүү.
Бирок, азыр жүрүп жаткан вирус, жаңы, толугу менен изилдене элек болгондуктан таасири медицинага азырынча белгисиз, жана кийинки кош бойлуулукарга залакасы тийет же тийбей турганын айта албайм.
Сак болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка