Россиянын жараны болгон күйөөм бир жылдан бери алимент төлөбөй жүрөт
Саламатсызбы! Мен күйөөм менен ажырашкам, бир кызым бар. Күйөөм Россиянын жараны. Алиментке арыз бергем, буйрук чыкканына карабай төлөбөй жүрөт. Кантип алимент өндүрсөм болот? Бир жылдан ашып кетти.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Күйөөңүз Россиянын жараны, бирок жашаган орду Кыргызстанда болсо, сот аткаруучу алимент өндүрүү ишин алып барышы керек.
Эгер ал Кыргызстанда жашаса, бирок сизге жашоо орду белгисиз болсо, анда сот аткаруучуга алименттин суммасын эсептөө жана ага издөө жарыялоо боюнча кайрылыңыз. Сот аткаруучу арызыңыздын негизинде алименттин суммасын эсептеп берүүгө (канча карызы бар), издөө жарыялап, табууга милдеттүү болот.
Жашоо орду Кыргызстанда эмес Россияда болсо, алимент өндүрүү чечимин чыгарган соттун кеңсеси аркылуу, ишти Россиядан жүргүзүү үчүн Россияга өтүнүч менен кайрылсаңыз болот. Болгону ал адам кайсы жерде жашайт, дарегин көрсөтүшүңүз керек.
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда үй-бүлөлүк маселелер боюнча жардам көрсөтүү тууралуу атайын келишим бар. Ошол келишимдин негизинде сиздин арызыңыз Россиядан каралып, алимент өндүрүү боюнча иш алып барылат.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Ажырашуудан кийин мүлктү бөлүштүрүү. 10 суроого адвокаттын жообу
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?