// //

Менин атыма алынган 100 миң сом кредитти күйөөмдөн талап кылаламбы?

2020.08.03, 11:46
1329

Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүз чогуу жашап жүргөндө менин атыма 100 миң сом кредит алганбыз. Ортодо келишпестиктер болуп жашабай калдык. Карыздын баарын мен төлөп жүрөм. Аргасыз, эки жаштагы балабызды туугандарыма таштап, мигрант болдум. Кредиттин акчасын жолдошумдан талап кыла аламбы?

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.08.2020, 12:02

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Түшүнгөнүм боюнча, банк менен келишимди сиз түзгөнсүз жана кредит сиздин атыңызга алынган. Ал эми күйөөңүз кредит алууга макулдугун берген. Кредиттин акчасын күйөөңүзгө берген болсоңуз, анда акчаны чынында ал алганын, төлөөгө жардам бербей жатканын, бүт жагдайларды баяндап, өндүрүп алуу боюнча күйөөңүз жашаган аймактагы райондук сотко доо арыз менен кайрылыңыз. Арызга кредиттик келишимдерди, төлөп жүргөнүңүздү тастыктаган дүмүрчөктөрдү тиркейсиз. Ошондой эле, күйөөңүз акчаны алганы боюнча далилдер (балким, машина же мүлк алды) же күбөлөрдүн көрсөтмөсү бар болсо, аларды дагы кошуп коюңуз. 

Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:

Ажырашуудан кийин мүлктү бөлүштүрүү. 10 суроого адвокаттын жообу

Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?

Кайын атам үйдү баласына эмес, небереме жаздырам дейт

Кайын-журтум кызымды алып калып, мени үйдөн кууп чыкты

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт