Сүйүүнүн 6 түрү жана түсү

2018.02.12, 18:15
1844

Адам баласы сүйүүнү даңктап, мактап, куугунтукка алып, отко жагып көрдү. Ошого карабай “сүйүү” адамдардын турмушунда бекем орноп, көңүлүнүн борборунан орун алып келет. Психологдор бул сезимдин 6 түрүн жан түсүн аныктап беришет:

Агапе- бул балалык баё сезимдин түсү. Мектеп курактагы 5-6-класстагы өспүрүмдөрдүн бири-бирине болгон көңүл буруусу, биринин көңүлүнө бири толуусу. Башка бирөөнү көрүүгө, бир партада олтурууга ал жөнүндө ойлонууга мажбурлануусу, колу тийип кеткенине же тиктеп койгонуна тынчсыздануусу. Кыйноого алып келген тынчсыздануу, ошол эле убакта кубанычка бөлөгөн сезим өспүрүмдү бийикке көтөрүп, жан дүйнөсүн байытат, жетилүүсүнө жардам берет. Эгерде өспүрүм бала жактырган кыздын сумкасын көтөрүп же үйүнө жеткирип коё турган болсо же кыздын колундагы эки чака cууну көтөрүп жолду арбытып бере турган болсо ал бала жоро-жолдошторунун алдында өзүнчө көтөрүлүп, эрдик жасагандай шыктанып чоңойгон сезимге ээ болот. Бул көрүнүш жаш өспүрүм кызды кыйноого салып, ошол эле убакта кубанычка бөлөйт. Агапе –асексуалдык сезим, мында сезимди “секс” жетектебейт. Табигат жаш жан дүйнөнү мындай иш аракеттен алыс кармаган, оолак сактаган. Бул сезимдин артынан эле адамга сүйүүнүн жаңы түсү эрос келет.

Эрос- бул чыныгы кумарлануу (страсть) – бул күчтүү, жогорку активдүү багыттка ээ татаал сезим. “Эрос” - бул баш аламан жан дүйнөнүн коогалаңы. Эроско кабылган адамдын жан дүйнөсүн бүтүндөй кумар ээлеп алып, акылынан адаштырат. Сүйгөнү менен бирге болуп, баардык нерсени унутуп андан башка эч бир жанды көргүсү да, уккусу да келбейт. Эроско кабылган сүйүшкөндөрдүн кыймыл аракетин жыныстык сезим, жыныстык сүйүү башкарып калат.

Людус- сүйүү оюн. Бул эмоция жана эргүүдөн бийик көтөрүлө албаган сезим. Людуста сезим адамдын жан дүйнөсүн тереңинен камтыбайт, чыныгы берилгендик болбойт. Оңой гана жеңил-желпи мамиле курулат. Бүгүн сен мени менен болсоң, эртең башка бирөө менен, бүрсүгүнү дагы башка бирөө, андан кийин кайра мени менен боло берет. Эч кимдин, эч кимге эч кандай догу, көз жашы, берген убадасы болбойт. Бул оюн баары үчүн кол жеткис бийиктикте эмес, ойногусу келгендин баары ойной бере турган оюн. Бирге ойношсо көңүлдүү болуп, ажырашып кетсе эч бир капачылыгы жок оюн. Бул баага татыбаган арзан сезим. Мындай сезим бир убактарда өз аралык мамиледе модалуу тенденцияга айланган. Бара-бара адамдын аң сезими мындай арзан сезимди четке кагып, сандык эсеп сезими, сапаттык жактан өзгөрүлдү. “Людус” адамдын сезимин мокотуп, тереңге карай тамырын жайбайт.

Прагме- элекке салынган, кылдат таразалаган сүйүү. Кыялдануунун, эңсөөнүн, кумарлануунун, эмоциянын, маанайдын катарында ишенимдүү кароолчу болуп дайыма аң сезим, акыл эс турат. Мындай сүйүү сезими керектөөнүн, зарылчылыктын негизинде келип чыгат. Сүйүүгө кабылган адамына карата сүйүү сезимин четке чыгарып коюп сүйүктүүсү өзүнө керектүү маалыматтарды чогултат. Бул бат эле кишини чарчатып коё турган сезим, бирок кээ бир адамдардын мүдөө талабына шайкеш келет. Бүгүнкү күндөгү жаштарда сүйгөн кишиси бирөө эмес анын запастык варианттары бар, бири болбосо экинчиси деген. Кандай жердин баласы, канча дүйнөсү бар, мага эмне жасап бере алат деген суроолорду прагматикалык анализдөөдөн башталат.

Мания- бул тынчсызданган сүйүү, кайгы капага малынган сүйүү. Өзүнө болгон ишеничсиздик, кызганыч, коркунуч менен коштолгон сезим. Азыркы жаштарда бул сүйүүнүн түрү көп кездешет. Бири-бирин кызганып, бири-бирине капаланып, ыйлап сентименталдык сезимдерге кабылган абал. Кызганыч-бул чоң тема ошондой болсо да кыскача: “өз күчүнө ишенбегендиктин негизинде келип чыгуучу инстинктик сезим”. Мындай сезимдер маниянын коштоосунда жүрөт.

Сторге- сүйүү достук. Сторгенин өзү бул ишеним, кечиримдүүлүк, сабырдуулук, чыдамдуулук. Айрым бир учурда узак мөөнөт сүйүшүп бири-бирине дос катары мамиле жасап, сүйүүсү сторгеге айланышы мүмкүн. Кандай гана тоскоолдуктар болсо да кыйып таштап кеткенге жол беришпей бири-биринин кемчиликтерине кечиримдүү, сабырдуу, чыдамдуу болууга ыңгайланышып достук менен ширелишсе ал сүйүүнүн сторге түсү болуп саналат.

Ар бир адамдын жашоосу бүтүндөй кайталангыс энциклопедия болгон соң бул сүйүүнүн баардык түстөрү ар бир адамдын жеке жашоосунда кездешиши мүмкүн. Сүйүү- жүрөк жалындаткан оттон, көздөн учкан жалындан, көңүл кылдарын кытыгылаган кумар, эргүүдөн башталат. Бул сезим ыргактары ар бир адамдын жан дүйнөсүнө, акыл таразасына салынып, аң сезим аркылуу аңдалып, ой элегинен өтүшү шарт. Ошондо гана ал сезимдерди, элементтерди, түстөрдү сүйүшкөндөр сүйүүгө айландыра алышат. Канчалык азапка малбасын, бакытка балкытпасын ар бир адам сүйүү балын татканы –бул чоң бакыт. Ал бакытты татпай канча адамдар сүйүү жок деп тастыкташат. Ар бириңиздердин жүрөгүңүздөрдө “сүйүү” деген керемет сезим жашасын.

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт