Жаңы боюма бүткөндө пневмонияга кабылдым. Эмне кылаарымды билбей турам
Жаңы боюма бүткөндө пневмонияга кабылып калдым. Күчтүү анибиотиктерди ичип, ийне алдым. Эми кандай кылаарымды билбей турам. Кеңеш бергилечи?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы. Тилекке каршы, учурда өлкөбүздө жүрүп жаткан вирус түйүлдүк үчүн өтө коркунучтуу, өзгөчө кош бойлуулуктун биринчи үч айында.
Эгер ооруңуз абдан оор өтсө, узак убакытка чейин дене табыңыз биийик болуп, фторхинолондор тобундагы антибиотиктерди (цефзим, левофлоксацин ж.б.) кабыл алсаңыз, анда кош бойлуулукту токтотуу сунушталат. Анткени бул жаңы вирус, анын түйүлдүккө жана энеге кандай таасирин жана залакасын тийгизе турганын эч ким так билбейт.
Ал эми вирустук инфекция жеңил формада өтсө, анда генетиктин конссультациясын алыңыз.
Ден соолукта болуңуз.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?