Атам “сен аял алгандан кийин, апаң ачылып кетти” деди
Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
"Ушул кыздын баркына жетсем экен"
Биринчи курс. Университет. Коридордо достор менен сүйлөшүп турганбыз. Аудиторияда кыздар каткырып отурушкан. Бир күлкү көңүлүмдү бурду. Акырын барып карадым. Кимдики болду экен? Мына, дагы күлдү. Бирок, бетин көргөнгө жетише албадым. Агай келип калды.
Бассам-турсам ошол күлкү оюман чыкпайт.
Группалаш кыздар менен деле жакшы тааныша элекпиз. Барып сурайын дейм, тартынам. Анан дагы кантип сурамак элем. “Кыздар күлүп койгулачы” десем, акылынан тайган бирөө деп ойлошот го.
Издеген күлкүмдү үчүнчү курста таптым.
Жаңы жылда үчүнчү курстардын баары чогулуп отуруш жасамай болдук. Студенттерде кайдагы акча. Жатаканадан эле бир бөлмөгө стол даярдадык. Гитара. Бек Борбиевдин ырлары. Бий. Сонун болуп жатты. Кечебиз ортолоп калганда жанагы күлкүнү уктум. Карасам коңшу группадагы Адинай деген кыз экен. Эх, Адинай, Адинай... Сени канча издегенимди билсең кана!
Бийге тарттым. Көздөрү бир укмуш экен. Ичине чөгүп кеттим. Дароо эле баш кошуу сунушун киргиздим. Күлдү. “Ушул күлкүңдү угуш үчүн, өмүр бою сени күлдүрүп өтөм” дедим. Ошентип биздин сүйүү баяныбыз башталды.
Э кудай, ушул кыздын баркына жетсем экен.
Апам катып жүргөн ак жоолугун салды. Жеңелерим сары май оозантышып, чачыла чачышты. Улам эшиктен чуркап келип көшөгөнү карап коем. Келинчегиме суктанып бүтө албай жаттым.
- Апа, көзүмө башкача көрүнүп жатасыз.
- Келиним ак чачымды боеп, кашымды терип берди.
- Апа, көйнөгүңүз укмуш экен.
- Келиним тандап берди.
Атам айткандай, Адинай келин болуп келгенден бери апам ачылып, жашара түштү. Мурун деги эле күзгүгө көрүнчү эмес эле, азыр алдында бир сааттан кем турбайт. Келини экөө бетттерине маска жасап, тырмактарын боеп кобурашып отура беришет. “Келиним мыкты экен, сөз жок”,-деп атам айтып калат.
Ата-энеме көрсөткөн сыйын көрүп, ушунчалык ыраазы болом.
- Адинай.
- Оу.
- Рахмат сага.
- Эмне үчүн?
- Мени бактылуу кылганың үчүн.
- Анткени, сен бактылуу кылып жатасың.
- Мен сени сүйөм.
- Мен сени сүйөм.
- Жакшы жат.
- Жакшы жат.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту
Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды
Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды
Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур
376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым