Замандан артта калба. Социалдык тармактагы тренддер
Салам достор! Бүгүн биз социалдык тармактагы тренддер жөнүндө айтып беребиз. Окуп чыгып, жаккандарын колдонгула.
Instagram тренддери
Nametag — карточка-визитка, QR-кодго окшош. Карта ээсинин профилине кирүү үчүн, визитканы Stories камерасына жакындатуу керек.
“Встроенные покупки” — сатуучуларга арналган сториз функциясы. Сүрөттөгү товарга баасын жана дүкөндүн шилтемесин кошсо болот.
“Дополненная реальность” — бул брендделген фильтрлер.
Snapchat тренддери
Snapchat Instagram'дан бир кадамга алдыда. Себеби ал Amazon менен иштейт, бренддерге кам көрөт.
Визуалдык издөө — Snapchat тиркемесинин пайдалануучулары ар кандай объектти же штрих кодду камерага көрсөтсө, система товарды Amazon'дон таап берет. Андан кийин сайтына кирип, жактырган нерсени сатып алууга болот.
Брендделген баш кийимдер. Мисалы, дүкөндөр кардарларга баш кийимдерди тиркемеден эле кийип көрүп, жакса сатып алууну сунуш кылат.
Ит менен мышыктарга маска. Үй жаныбарлары үчүн маскалар жана фильтрлер.
Facebook тренддери
Watch - Facebook ичиндеги видео - платформа.
Dating – Tinder түрүндөгү таанышуу сервиси.
Lasso — бул тиркеменин жардамы менен бий, ыр жаздырып, 15 секунддук роликтер менен бөлүшсө болот.
ЗD-сүрөттөр — колдонуучулар сүрөттөрдү ЗD эффектери менен жүктөй алышат. Мындай сүрөттөрдү баары көрө алганы менен, азырынча - iPhone 7 Plus, 8 Plus, X жана XS ээлери гана тарта алат.
Досторуң менен бөлүшкөндү унутпа!