// //

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

2020.07.21, 11:38
21668

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Башында эки жүздүүлөнүп жатабы деп ишенбей кетет элем"

Мен бул сайттан көп позитивдүү окуяларды окуйм. Тилекке каршы, алдындагы комментарийлерге көз чаптырсам, “жомок”, “болбогон кеп” деп жазылып турат. Эмнеге биз жакшылыктын бар экенине ишенбейбиз? Азыр өзүмдүн баянымды айтып берсем дагы ойдон чыгарылган дейсиңер. Туурабы? А мен баары бир силер менен бөлүшкүм келет.

Менин кайын энем башкача экен. Чын айтып жатам башкача экен. Өзүм бүгүнкү күнгө дейре таң калып бүтө элекмин. Башында эки жүздүүлөнүп жатабы деп ишенбей кетет элем. Жаңылыпмын. Машинамдын ачкычын колума алганда билдим. Жалдырап эле туруп калдым. 

Алгач “Үйдө отуруп эмне кылмак элең, жашсың, иштеп эл-жер көр”,- деди. Сүйүнүп жумушка орноштум. Аз өтпөй “балам менен кошо карьера кылышың керек”, - деди. Үйгө шашпай жумушка көбүрөөк убакыт бөлө баштадым.

Ишенесиңерби, бир жагынан кайын энең, экинчи жагыңан күйөөң колдоп турса ишиң өзү эле алдыга жылат экен.

Маршруткадан продукту көтөрүп түшүп келатып кайын энеме жолугуп калдым. Таксисин токтото калып, салып кетти. Үйгө кирери менен дароо күйөөмө чалды. “Сен жыргап машина айдап жүр. А биз келиним экөөбүз маршруткага түшүп продукту ташып жүрө берели. Эч нерсе билбейм, келиниме машина алып бер.” Трубканы коюп койду.

- Апа, тим эле койбопсуз. Айдаганды деле билбейм.

- Үйрөнөсүң. Кийин балдарыңды бала бакчага алып барганга керек. Анан дагы оор көтөрүп жүрө берсең, ден соолугуң эмне болот?

- Макул, апа.

- Ай, бул ушундай, айтпасаң кылбайт. Алып берет. Алдыртабыз. Көп ойлонбо. Бир нерсе деп көрсүнчү.

Экөөбүз каткырып күлдүк.

Бир айга жетпей күйөөм тыпыйган машинанын ачкычын берди. Сүйүнгөнүмдөн эчкидей так секире берипмин. Эсиме келип кайын энеме чуркап бардым, “жүрүңүз апа, бир айланып келели.”

Ар дайым “элдин алды болуп жашагыла”,- деп турат.

Өзүм карапайым үй-бүлөнүн кызымын. Бирде ток, бирде ач жүрүп чоңойгом. Жетишсиз турмуш кандай болорун жакшы билем. Менин жашоом ушул үйгө келин болуп келгенден кийин 180 градуска өзгөрдү. Күйөөм тектүү жердин баласы экенин билип, “мени кандай кабыл алышат болду экен” деп башында көп ойлончумун. Бекер эле кабатыр болупмун. Азыр өзүмдүн ата-энеме дагы жардам бергенге жетишип жатам.

Ар дайым менин таламымды талашып турган кайын энеме ыраазымын. Ушинтип эле күйөөм экөөбүздүн маңдайыбызда кеңешин берип, колдоп, аман-эсен жүрө берсе экен. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт