Университетке тапшыруу үчүн ЖРТнын упайы канча болуш керек?
Саламатсызбы! Менин негизги тестим 103 болду. Университеттерге өтө аламбы? Предметтик тесттеримдин жыйынтыгы 61 болду.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Быйылкы жылы окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууда бюджеттик негизде тапшыргандар үчүн негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды. Ал эми келишимдик негизде тапшыруучуларга негизги тесттин босого баллы 105 деп белгиленди (медицина жана формация адистиктеринен башкасы).
Быйылкы окуу жылында абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн жүрөт. Билим берүү жана илим министрлиги бул үчүн https://2020.edu.gov.kg/ системасын иштеп чыкты.
Билим берүү министрлиги берген башка жоопторду бул жактан окуй аласыз:
Электрондук кезекке турсак деле бакчага жардам, деп акча талап кылып жатышат
Апам өмүр боюм мугалим болгусу келген бирок атам тыюу сала берет
Кесибим кийим дизайнери мектепте сүрөт сабагынан берип иштесем болобу?
Карантинге байланыштуу контракты төлөө убактысы жылдырылабы?