Гипотиреоз аялдын ден соолугуна кандай таасирин тийгизет? Гинекологдун жообу
Саламатсызбы. Гипотиреоз болуп ооруган айым төрөй албай калышы мүмкүнбүГ анын женский жака тийгизген таасирир кандай? Кайсы учурда жатын өрчүбөй калышы мүмкүн?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Гипотиреоз – бул богок бездин функциясынын төмөндөшү. Мындай көрүнүш бүтүндөй организмдин иштөөсүнө таасирин тийгизет: жүрөк-кан тамыр системасына, нерв системасына, тамак-ашты сиңирүү системасына, жыныстык органдарга, сүт бездерине.
Натыйжасында аял өз алдынча боюна бүтүрө албайт. Бойго бүтсө да көпкө көтөрө албай түшүп кала берет.
Ошондуктан сөзсүз дарылануу зарыл. Ар дайым доктурларга көрүнүп, туруктуу терапия алганда бойго бүтүү, жана кош бойлуулукту аягына чейин көтөрүү мүмкүнчүлүгү кыйла жогорулайт.
Өз алдынча дарыланып, табыптарга, көзү ачыктарга баруудан алыс болгула, деп кеңеш берип кетет элем. Жардам бербегени жакшы, көпчүлүк учурда ого бетер күчөтүп салып жатышат. Бул адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурат.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка