Кайын-журтум балдарымды көрсөтпөгөнүм үчүн сотко беребиз деп жатышат?
Саламатсызбы! Жолдошум эки жыл мурун машина сүйүп кетип каза болгон. Ошол учурда кош бойлуу элем. Кайтыш болгонун укканда ооруп калгам. Күнөөлүү тарап 20 миң доллар компенсация беришиптир. Мага өлгөнүн айтпай эле, кайын агам "бейтапканадан чыгарганга" деп бир кагазга кол койдурган. Окуган эмесмин, көрсө ал тосмо арыз экен. Ортодо эки балабыз бар. Кайын-журтумдун мага кылган мамилесине чыдабай кетип калгам. Тиги акчанын бир сомун дагы көрбөдүм. Бир жолу балдарга үй алып бергиле десем, жаңжал чыгарышты. Ошол менен балдарымды көрсөтпөй, катышпай дагы койдум. Эми мени балдарды көрсөтпөгөнүм үчүн сотко беребиз деп коркутуп жатышат. Үйүм жок, балдарымды алып коюшпайбы? Тиги жолдошума байланыштуу эки жыл мурун болгон ишти кайра каратсам болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Балдарыңызды сизден эч ким алып кое албайт. Анткени, балдарыңызга толук кандуу кам көрүп, тиешелүү тарбия берип жатасыз деп ойлойм. Ал эми, балдардын ошол тууган-урук менен катышуусу алардын өсүп-өнүгүүсүнө терс таасир тийгизет деген таризде катыштырбай койсоңуз, анда бул жерде эч кандай маселе жок.
Эки жыл мурунку ишти кайра каратуу боюнча сурооңузга жооп бере кетсем. Бул ишти кандай максатта каратып жатасыз? Жолдошуңузду сүзүп кеткен адамды жоопкерчиликке тартуубу? Же компенсация алуу маселеси боюнчабы?
Жоопкерчиликке тартуу болсо, кайра каратып чыксаңыз болот. Ал ошол учурда кандай жоопкерчиликке тартылган? Жоопкерчиликке тартылып жатканда берген арызыңыз эске алынганбы же жокпу? Бул жагдайларды тактап чыгуу керек. Иштин кагаздары менен таанышып чыкканда гана толук жооп берүү мүмкүн. Ошондуктан, бир адвокатка кайрылып, кеңеш алышыңыз керек.
Ал эми кылмыш ишинен тышкары компенсация алуу маселеси боюнча жарандык тартипте сотко кайрылсаңыз болот.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Ажырашуудан кийин мүлктү бөлүштүрүү. 10 суроого адвокаттын жообу
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?