// //

Фотосүрөтчүлүккө кызыккандар арбыды

2018.02.12, 16:18
1230

Фотосүрөтчү Виктор Рехемяенин тарткан сүрөттөрү  көптү кайдыгер калтырбайт. Анын  "Кумурскалардын баарлашуусу" долбоору россиялык National Geographic журналынын кызыгуусун арттырып, басылып чыккан. Окурмандарыбыздан келген "Кантип фотосүрөтчү болсо болот?" деген суроого Виктор өз оюу менен бөлүшүп өттү.

Фотосүрөтчү болуу үчүн, биринчи кезекте айланаңдан кызыктуу окуяларды көрө билгенди, күндөлүк турмуштан өзгөчө нерселерди таба билгенди үйрөнүш керек. Андан кийин гана бул нерселерди фиксация кылып, кармап калсаңыз болот. Кадрга ар түрдүү ыкмалар менен түшүрүү мүмкүн. Кээ бирөөлөр ыр жазат, кээ бирөөлөр проза, айрымдары сүрөт тартат.

Фотоаппарат жок болсо телефон деле жарай берет. Кийин эмгектериңизди карап олтуруп, жакындарыңыз менен бөлүшкүңүз келе баштайт. Бирок сиздин кызыгууңуз, социалдык тармактагы адамдардын кызыгуусу менен дал келбей калышына же критикага даяр болуңуз.

Үйрөнчүк болбой атайын адистерден үйрөнөм десеңиз азыр курстар, интернеттеги видеолор толтура. Каалаганыңызды тандап алып, окусаңыз болот.

Виктордун "Кумурскалар баарлашуусу" долбоору:

Мен көптөгөн өзгөчө стили бар бирок популярдуу болбогон фото сүрөтчүлөрдү билем. Булар өз максатына жетүү үчүн эч нерсеге карабастан багытына түз бара беришет.

Алар акча табышпайт, тескерисинче коротушат, сүрөт тартууга, жерлерди ижарага алууга, жол акыга, аппараттарды сатып алууга дегендей. Фото сүрөтчү болуп акча табуу үчүн базарды аныктап, аны дайым көзөмөлдөп туруш керек. Ошондой эле буйрутма бергендер менен тыгыз иш алып барып, аларга өз эмгегиңди сунуштаганды билүү зарыл. Бул маркетинг деп аталат. Өз стилиң менен маркетингди айкалыштырып бир алып кетсең гана фотограф катары белгилүү болуп, акча тапсаң болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт