Эжем өз акчасына сатып алган участогун жездем талашып жатат
Саламатсызбы! Менин эжем участок алган, күйөөсүнүн жардамы жок эле. Экөөнүн эки баласы бар. Эми күйөөсү "участок меники" деп, документтерди оңдоп талашып жатат. Эжем Москвада, жездем бул жакта. Ортолорунда ЗАГС бар. Эмне кылса болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер, ортодо ЗАГС бар болуп туруп, жубайлардын бирөөсү үй сатып алган болсо, анда ал мүлк жубайлардын ортодогу жалпы мүлкү болуп эсептелет. Бир жубай жардам бердиби же бербедиби андан көз каранды эмес. Ал эми белекке же акысыз бирөөдөн алса, анда алган адамдын өзүнүн эле жеке мүлкү болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө жолдошунун меники дегени туура эмес, анткени ал ортодогу жалпы мүлк. Андан сырткары, так жооп беришим үчүн документтериңизди көрүшүм керек. Бир катар суроолор дагы бар. Мүлкү сатып алдыңыз беле же белекке алгансызбы? Сатып алып жатканда нике күбөлүгү бар беле?
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Ажырашуудан кийин мүлктү бөлүштүрүү. 10 суроого адвокаттын жообу
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?