Апамдын улуу баласына берем деген турак-жайын кичүү уулу талашып жатат
Саламатсызбы! Энем турак-жайды жалгыз бой иниме калтырам десе, эки баласы бар кичүү уулу "менин дагы үлүшүм бар" деп талашып жатат. Үлүшүн талашкан баласына башка айылдагы огородду белекке берип, "үлүшүң ушу" десе мыйзамдуу болобу? Улуу баласына турак-жайын өткөрүп жатып, "мен каза болгондон кийин ээлик кылат" деп жазса болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Үйдүн ээси өзү билет: өз мүлкүн кимга белекке берерин же кимге сатарын, балдары менин үлүшүм (долям) бар деп талап кылалбайт. Ал эми үйдө каттоодо болгондугу ал үйдөн үлүш алууга укук бербейт. Энеңиз өз мүлкүн өзү каалагандай ээлик кылса болот.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Ажырашуудан кийин мүлктү бөлүштүрүү. 10 суроого адвокаттын жообу
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?