Сүтүм тартылып кетти, кайра эмизсем, мурункудай келе баштайбы? Маммологдун жообу
Баламдын оозу тырык болуп төрөлгөн. Азыр 10 ай болуп калды. Жакында эле операция болду. Беш күн сүтүмду саап берип жаттым. Андан кийин такыр келбей калды. Операциядан кийинки жибин алдырдык, азыр эмизсем, мурункудай келеби?
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Саламатчылык. Балаңыз бир нече күн эмчек эмбептир, андан тышкары операция болуп жатса, сиз да ага санаа тартып, стресс болсоңуз керек. Бул фактор да сүттүн тартылышына себепкер болду.
Адатта, бала канчалык көп эмсе, сүт ошончолук көп иштелип чыгат. Эч кандай витамин, дары, укол, сүттүн көбөйүшүнө алып келбейт. Бир гана жолу көбүрөөк эмизүү. Аракет кылып көрүңүз.
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Маммологдун башка жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?
Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты, бирок дагы деле сүтүм бар
Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болу, эмнеден болушу мүмкүн?
Мен эркекмин көкүрөгүмдо без бар, жок кылса болот? Маммологдун жообу