Бардыгын жүрөгүмө жакын кабыл алам. Жаман ойлордон кантип арылсам болот?
Жашым 23тө. Кызым, жолдошум, ата-энебиз менен бир турабыз. Үй-бүлөлүк жашообуз жакшы. Мени кыйнаган нерсе, учурдагы вирус, кайсы жака кирбе ошол маселе. Мен бардыгын жүрөгүмө жакын ала берем. Жаман ойдон кантип арылсам болот?
Асель Баимбетова
Психолог
Сизге терс таасирин тийгизген, негативдүү маалымат келе турган каналдарды жана булактарды чектегиле. Күнүнө бир жолу телефонду бир нече саатка өчүрүп коюп турсаңыз болот. Андан тышкары, социалдык тармактагы жана ватсаптагы кереги жок группалардан чыгып кеткиле.
Каза болгондор, ооруп калгандар тууралуу ашыкча сөз кыла бергендин кереги жок. Паникер адамдар менен көп сүйлөшпөгүлө. Кыскасы, өзүңүздүн психикаңызды коргоо максатында маалыматтын бардыгын окуп, көрүп, уга бербей, ылгап кабыл алуу керек.
Ден соолукта болуңуз.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?