Пивонун ден соолукка тийгизген 10 терс таасири
Пиво кантип зыян келтирет? Терс таасирлери кандай? Кененирээк билүү үчүн төмөндөгүнү оку.
Пивонун 10 терс таасири
Семиртет
Боор гликоген деген затты глюкозага айлантып канга кошот. Пиво бул процесске тоскоол болот, ачка болуу сезимин пайда кылып, көп тамак жедирет.
Калориясы жогору
Пиво ичсең денеңдеги калория көбөйүп, организмиң аларды иштеп чыгууга жетишпей калат. Белде жана курсакта май топтолот.
Сийдикти көп чыгарат
Сенин денеңде антидиуретикалык гормон бар. Ал организмиңе суюктукту кармап турууга жардам берет. Пиво бул гормондун бөлүнүп чыгышын жайлатат. Натыйжада, пиво ичкенден кийин бат-баттан дааратканага чуркайсың, бөйрөгүң жабыркайт, суусузданууга (обезвоживание) чалдыгасың.
Аллергияны козгошу мүмкүн
Сатыктагы пиволордун көбү арпа угутунан (солод) жасалат. Арпада глютен деген зат бар. Кээ бир адамдарга глютен жакпайт, аллергияны козгойт.
Жүрөк оорусуна чалдыктырат
Жүрөк-кан тамыр ооруларын пайда кылат.
Кан басымды көтөрөт
Эгерде бир күндө бир нече стакан пиво ичсең, артериалдык кан басымың көтөрүлөт.
Зарна кылат
Пиво ашказан кислотасына таасир эткен кээ бир заттарды камтыйт. Алар "гастроэзофагеалдык рефлюкс” оорусун чакырат.
Курсакты чоңойтот
Пиво ичүүдөн – “ пиво курсагы” пайда болот. Мындай курсактар өжөр, андан арылуу кыйын.
Мас кылат
Пивону ашыкча колдонуу нервиңе жана кыймылдоо жөндөмүңө таасир этет. Бул кырсыктарга алып келиши мүмкүн.
Ууландырат
Дары ичип жатып пиводон жутуп алсаң, ден- соолугуңа чоң зыян келтиресиң. Башың ооруп, кусуп, ууланып калышың мүмкүн.
Ден-соолукту жашыңдан сакта!