Келинибиз жети айында таштап кеткен кызын талашып жатат
Саламатсызбы! Менин иним менен келиним ажырашып кеткен. Ортодо бир кызы бар. Кызды 7 айында апама таштап кетишкен. Азыр ал 11ге чыгып калды. Иним үйлөнгөн, эки баласы бар. Келинибиз дагы башка турмуш куруп, бирок төрөбөптүр. Эми ал келип алып кызын талашып жатат. Кыз апасынын атында. Апам жети айынан бери бакканын айтып, бербей турганын билдирди. Апам кызды өзүнө өткөзө алабы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Элибизде сөз бар эмеспи: төрөгөн эмес, баккан апа. Ошондуктан апаңыз кызды өзүнө өткөрүп алса болот. Бирок, кыздын төрөгөн апасынын макулдугу керек болот. Ал эми ал адам мындай кырдаалда өз макулдугун бербесе керек. Ошондуктан кыздын атасы сотко кызынын жашоо ордун аныктап берүү жөнүндө доо арыз менен кайрылуусу зарыл.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Ажырашуудан кийин мүлктү бөлүштүрүү. 10 суроого адвокаттын жообу
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?