// //

Унуталбайм: Арадан 6 жыл өтсө да жүрөгүмдөсүң

2018.12.10, 11:57
2171

Жаңы жыл кирип келип, окуучулар 10 күндүк кышкы каникулга чыктык. Шаарга барып келейин деген сунушума ата-энем макул болбой, айылда эле калдым.

Айылыбызда жыл сайын муз аянтчасы ишке берилип, айыл жаштары ал жактан чыкчу эмес. Үйдө жата бергенден зээригип коньки тепкени жөнөдүм. Жаңы бутума конькини кийип, муз аянтчасына чыксам, топтолушуп шаардан келген балдар жүрүптүр. Кулакка наушникти салдым да, муз аянтчасын айлана коньки тебе баштадым. Бир маалда бир жигит келип коньки тебишти үйрөтүп коюшумду өтүндү. Аны эмнеси бар экен, каршы болгон жокмун.

Колундагы кол капты чечип колун сунду. Бир сыйра тиктеп колумду бердим да, “мына минтесиң, биринчи оң бут, анан сол бут, кичинеден тепсең бат эле үйрөнөсүң” деп үйрөтө баштадым.

Күлүп, "Мен конькини сенден жакшы тебем карындаш, сени менен таанышайын деп эле бул сунушту киргизгем. Атың ким болот?" – деди. Колумду жулуп алдым да, "Аябай күлкүлүү. Тааныша албайм!" - деп кетип калдым.

Арадан 2-3 күн өткөндөн кийин телефон чалды.

- Салам Алина! Мен коньки тепкенди билбеген бала. Эстедиңби?

- Ооба, эстебей анан. Жөн жай элеби?

- Жок, жөн эле да чалмак беле. Өтүнүчүм бар эле.

- Айт!

- Автобуска билетти сен жактан сатат турбайбы, мүмкүн болсо мага алып коёсуңбу? Кечке чейин калбай калат дейт. Мен болсо азыр бошобой жатам. Сенден билетти кечинде барып алып кетем. Суранам жок дебечи!

- Макул, алса алып коеюн. Оорчулугу деле жок. Аа баса, номурду ким берди?

- Кечинде айтып берем.

Кечки саат 7лерде келди. Автобуска деген билетти алды да, мени карап күлдү.

- Эмне күлкүлүү көрүнүп жатамбы?

- Жок, супсулуу көрүнүп жатасың. Болгону, дагы бир жолу алданганыңа күлүп жатам. Бош эле болчумун, жоолугууга макул болбой койбосун деп билетти шылтоо кылдым.

- Кыздарды көп алдайсыңго?

- А сен өзүңөн чоңдорго дайыма ушундай орой мамиле кыласыңбы? Мен сенден 8 жашка улуумун. Сиз же Кубат байке деп кайрылсаң болот.

- Кечиресиз Кубат мырза, кичинекей кыздарга тийишкенден уялып, жолуңузга түшүңүз! - дедим да үйгө кирип кеттим.

- Унутпа, менде номуруң бар. Жакшы кал!

Арадан бир ай өткөндө кыз-жигит болуу сунушун киргизди. Сүйлөшүп көрөйүн мени жактырып жаткандан кийин деп, каршы болгон жокмун. Жан дүйнөсү менен кылган мамилесине суз гана жооп берип жүрдүм. Чынын айтсам анчалык жакшы көргөн жокмун. Мени сүйөт, кайда бармак деп эле жүрдүм.

Кыз-жигиттик мамилебиз сегиз айга созулду. Менин башка бала менен жазышып жүргөнүмдү көрүп калып, мамилеге чекит койдуң. Жөн гана тааныш бала экенин түшүндүрсөм, көзүмө карап, “Алина, билем сен мени сүйбөйсүң. Мен болсо сени чын жүрөгүм менен сүйөм. Сени жубай кылгым келген, бирок башкалар менен жазышканыңды токтотпой койдуң. Бул бала биринчиси эмес, көптөн бери эле байкап жүргөм. Ишеничимден чыктың. Кечирип кой, эми бошсуң!” - деди.

Мына ошондон кийин сени жакшы көрөөрүмдү түшүндүм. Мага кылган жылуу, чыныгы мамилеңдин баркын билдим. Сагындым, күттүм, кечирим сурадым кайрылып келген жоксун.

Башкага баш кошконуңду укканда жүрөгүмдүн ыйлаганы азыр да эсимде. Азыр бактылуусуң, жаркылдаган келинчегиң, балаң бар.

Билесиңби, арадан 6 жыл өтсө да жүрөгүмдөсүң. Сени сагынам, ойлойм, бирге өткөргөн күндөрдү эстегенде, кетирген катам үчүн өкүнөм. Мен сени унуталбай жүрөм...

Бул катым менен башкаларга кайрылгым келет. Урматтуу окурмандар, силерди жакшы көргөн адамды эч качан алдабагыла. Ишеничти жоготуу менен эч качан бактылуу боло албайсыңар! 

BILESINBI.KG долбоорунун окурмандары, өз окуяларыңар менен бөлүшүүнү кааласаңар 0704004608 ватсап номуруна жазгыла. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
29.04.2019, 06:31

Уже ишеничтен чыгып калгам мен

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт