// //

Күйөөм ЗАГСты кыркалы деп сотко чакырып жатат. Барбай койсом эмне болот?

2020.07.06, 11:19
1337

Саламатсызбы! ЗАГСты бөлгөнү күйөөм сотко чакырып жатат. Барбай койсом эч нерсе болбойбу? Мен жок ЗАГСты бөлө алабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.07.2020, 11:23

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик кодексинин негизинде ажырашуу боюнча берилген арызга карата каршы пикир берсеңиз болот. Ал эми барбай койсоңуз эч нерсе болбойт. Тактап айтканда сизди сотко мажбурлап алып келбейт же штраф салбайт. Болгону сиздин катышууңуз жок ажырашуу жөнүндө доо арызды карап, ажырашуу жөнүндө чечим чыгарып коюсу мүмкүн. Эгер мындан ары үй-бүлө болуп жашоого мүмкүн эмес деп эсептесеңиз, анда сотко сиздин катышууңуз жок доо арызды кароо жөнүндө өтүнүч жиберип койсоңуз болот.

Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:

Ажырашуудан кийин мүлктү бөлүштүрүү. 10 суроого адвокаттын жообу

Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?

Кайын атам үйдү баласына эмес, небереме жаздырам дейт

Кайын-журтум кызымды алып калып, мени үйдөн кууп чыкты

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт