Бала эмизем. Көкүрөгүмдүн көлөмү ар кандай, мунун коркунучу жокпу?
Саламатсызбы. Мен бала эмизем, бирок эки эмчегим тең эмес. Бирөө чоңураак, бирөө кичинекей. Кантип тең кылам? Ден соолук үчун кооптуу эмеспи?
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Эмизген учурда эмчектердин ар кандай көлөмдө болушу нормалдуу көрүнүш. Санаркоого эч кандай негиз жок.
Бардык эмизген келиндердин сүт бездери симметриялуу эмес болот. Бул кайсы тарабыңыз менен көбүрөөк эмизесиз, ошондон көз каранды. Мисалы оң эмчегиңизди улам-улам эме берсе, ал тарапта сүт көбүрөөк иштелип чыгып, эмчектин да көлөмү чоңураак болуп калат. Ал эми сол эмчек кичинекей бойдон кала берет.
Эки эмчектин эки башка болгону тынчыңызды алса, эки жагы менен бирдей, алмак салмак эмизгенге аракет кылыңыз. Кийин, убакыттын өтүшү менен эки тарап теңделип бирдей эле болуп калат.
Ден соолукта болуңуз.
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Маммологдун башка жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?
Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты, бирок дагы деле сүтүм бар
Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болу, эмнеден болушу мүмкүн?
Мен эркекмин көкүрөгүмдо без бар, жок кылса болот? Маммологдун жообу