// //

Кызым “сизде старческий моразм” деп айтат. Мен чын эле жаманмынбы?

2020.06.28, 15:36
1574

Саламатсызбы. Мен 41 жаштамын. Эки уулум, эки кызым, бир неберем бар. Жолдошум менен 25 жыл бир жашап келебиз, бирок ушунча жылдан бери ал бир да жолу мага ыраазы болбоду. Ар дайым өзүнүн бир туугандарына болушат, кандай кырдаал болбосун мени күнөөлөйт. Жолдошуман коркпой айтышып, по факту урушам.

Эми жолдошум эле эмес, балдарым да мени күнөөлөй турган болушту. Негизи, балдарым мени аябай кыйнашты, “сиз бизге мээрим берген эмессиз” деп көп айтышат. Бирок мен ушунча жылдан бери балдарым, үй-бүлөм деп жашап келгем. Өзүм жебегенди балдарыма берип, өзүм кийбегенди балдарыма кийгиздим. Ошентсем да сиз күнөөлүсүз, сиздин “характериңиз” жаман, деп айтышат. Керек болсо кичүү уулум да ошентет.

Эс тутумум начарлап калды, кылган нерсемди унутуп коем. Кызым, “сизде старческий моразм” дейт.

Мен чын эле ушунчалык жаманмынбы, деп коркуп кетем. Кээде жөн эле үйдөн чыгып, жок болуп кетким келет. Жашоодон тажадым. Мага кеңеш берип койгулачы, балким чын эле менден ката кетип жатат? Бул акыбалдан кантип чыгам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.06.2020, 15:37

Асель Баимбетова

психолог

Саламатчылык. Алгач невропатолог, терапевт, гинеколог жана психотерапевттерге көрүнүп, консультация алыңыз.

Эгер сизди курчаган адамдар бир эле нерсени айтып жатышса, балким алардын айтканында чындык бардыр? Бул жерде башкысы, сиз ошол чындыкты угууга, кабыл алууга, жана өзгөрүүгө  даярсызбы?

Өзүңүздү өзүңүз күнөөлөбөңүз, үйдөн кетип калуу менен да маселе чечилбейт. Өзүңө карата айтылган сын пикирди угуу абдан оор, бирок убактысы келгендир. Кандай дейсиз? Жакындарыңыздын айткандарын тыңшап көрүңүз.

Өзүңүз түшүнбөй жатсаңыз адискөй психологго кайрылыңыз. Психологго кайрылууга шартым жок десеңиз, анда сиз сыйлаган жана сизге жакшылык каалаган, адилеттүү адам менен жан дүйнөңүздү кыйнап жаткан ойлоруңуз менен бөлүшүп көрүңүз.

Ийгилик!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:

Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты

Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?

Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт