Университет контракты төлө анан документиңди беребиз деп жатат. Бул туурабы?
Саламатсызбы. Менин суроомо да жооп алып бергилечи. 2018-жылы Адам университетинин Банк иши бөллүмүнө тапшыргам. Ошол эле жылдын ноябрь айында турмушка чыгып кетип окуумду уланта албай калдым.
Контракт 32 000 сом болчу. Кирип жатканда 10 000 сомун төлөгөм. 2019-жылы документтеримди алайын деп барсам, контракты толук төлө анан беребиз, деп болбой коюшту.
Негизи ушундай мыйзам барбы? Мен эмне кылышм керек? Окубасам деле акча төлөшүм керекпи?
Гульмира Абылкасымова
Кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси
Арыз жазгандардын бардыгына документтерин акы сурабай эле беребиз. Анын үстүно сиз сабакка да толук катышпаптырсыз. Менимче сиз тараптан арыз жазылган эмес, же болбосо сиздин ордуңузга ишеним каты жок тууган-туушкандарыңыз келишкен. Окк жайлао бөлөк кишиге студенттеринин документтерин берүүгө акысы жок.
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Эгер сиз биринчи жарым жылдык окуу процессин аягына чыгарбай, турмушка чыгып кеткен болсоңуз, эч кандай шарт коюп отурбай эле документтериңизди кайтарып бериши керек эле.
Бул маселени чечүү үчүн Билим берүү департаментинин башчысына, андан соң министрликке арыз менен кайрылышыңыз керек.
Саламатта болуңуз!
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?
Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?
Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?
Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?