// //

Эрин-жырыгы менен төрөлгөндөрдүн көйгөйү жана ийгиликтери

2018.02.12, 14:51
2566

Эрин жырыгы - бул ымыркай баланын оозу эненин ичиндеги кезинде туура эмес калыптангандан келип чыгат.  Ымыркай жатындагы кезинде анын үстүңкү эрини экиге бөлүнүп калат. Бирок, заманбап медицинада бул чоң көйгөй эмес. Операция аркылуу эрин жырыгынын айыктырылышы мүмкүн экенин көңүлдө тутуу абзел. Азыркы технологиялык доордо мындай операция жеңил жана ийгиликтүү аяктайт. Андыктан бул көйгөйдү чоң маселе кылып стресске кабылып, депрессияга түшүп кетүү жаңылыштык.

  • Менин көйгөйүм төмөндөгүдөй: Мен коён эрин болуп төрөлгөм (операция болгон эмесмин), улам эс тарткан сайын өзүмдүн эле жакындарым менден качышканын, жээришкенин билип, стресске кабыла баштадым. Өзүм курактуулардан кемсинип, ар кимден уялып, эл менен тил табышып, сүйлөшүү мен үчүн чоң маселе жаратты. Керек болсо өзүмдүн жакындарым менен сүйлөшүүдөн кача баштадым. Ошол кезден баштап мен өзүм менен өзүм сүйлөшө турган болдум. Бөлмөгө бекинип алып, кадимкидей эле адамдар менен сүйлөшкөндөй эле, эки жагымды каранып алып сүйлөнөм. Аягында көнүмүш адатка айланып кетти. Бирок бул адаттан да корком, анткени кичирээк кезде бөлмөгө кирип алып эле сүйлөнсөм, азыр жолдо кетип баратып деле сүйлөнө баштадым ( көздөрүмө эч нерсе көрүнбөйт жана кулагыма башка үндөр угулбайт).
  • Бул нерсе психологиялык оору эмеспи?

Урматтуу окурман, коён эрин менен төрөлгөн бул бүтпөгөн жара эмес, заманбап медицина мындай кемтиктерди ар кандай пластикалык операция жолу менен эч нерсе болбогондой билиндирбей ондоп коё алат. Бул оору генетикалык оору болуп эсептелет. Сиз төрөлгөндө эле мындай дефектин бар экенин билген ата-эне, туугандарыңыз ал кемчиликти оңдогонго кам көрүшү керек эле . Ушул убака чейин алар кам көрбөсө сиз өзүңүз өзүңүзгө кам көрүп аракет жасап пластикалык операция жасаган хирургдарга же ботокс менен алектенген адистерге кайрылып көрүңүз. Бул белги эч кандай трагедия эмес. Дүйнөдө мындай белги менен төрөлгөн нечен адамдар ийгиликтүү болуп жашашат.

Мисалы Михаил Боярскийди билесиз да “Три мушкетер” киносундагы актер, Андрей Макаревич, Маша Малиновская булардын баарына коен эрин белгиси карьера куруп ийгиликтүү болушуна тоскоол болгон жок. Эң негизгиси косметикалык жол менен оңдогондон кийин сиз бул жөнүндө көп ойлонбой башка бир мүмкүнчүлүктөрүңүздү арттырып өзүңүз кызыккан маселе менен алектениңиз. Бакытты сезүүгө аракет жасаңыз. Колу бутуңуз менен басып туруп, ааламды көрүп турган тирүүлүктүн өзү чоң бакыт.

Колу буту жок Ник Вуйчич кандай бактылуу миллионер, жаркылдаган жары, балдары менен. Сиз да өз мүмкүнчүлүктөрүңүздү ишке ашырып, заман талабына жараша актуалдуу болууга аракет жасаңыз.

Экинчи бир маселе өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшүүңүз -бул ооруу эмес, нормалдуу процесс. Өзүңүз тастыктап жатасыз көзүмө эч ким көрүнбөйт, өзүм менен өзүм эле сүйлөшөм деп. Эгерде сиз сүйлөшкөндө көзүңүзгө бирөөлөр көрүнүп сүйлөшкөн болсоңуз анда ал ооруу болуп эсептелинет, мындай учурда атайын адистерге кайрылуу зарыл. Дүйнөдө көп адамдар өздөрү менен өздөрү сүйлөшүшөт. Өзү менен өзү сүйлөшүү ал адамдардын оюун тастыктоого, изденген нерсесин табууга жардам берип, эмоционалдык чыңалууну жөнгө салат, кыймыл аракетинин координациясын аныктоого, ойлорду ирээттөөгө жардам берет.

””Өзү менен өзү сүйлөшүү" бул бала кезден эле пайда болуп калыптанат. Анын пайда болушуна ата-эне, тегерегиндегилер таасир берет.

Эгерде ата-эне баласына жакшы, жагымдуу сөздөрдү арнаса кулагына “эхо кайталоо” болуп жаңырып калыптанат. Тескерисинче балага кемсинтип, басынтып айтылган сөздөр, ошол кемсиндирген, басындырган сөздөрдүн кулакка кайталанып жаңырышы ал адамдын өзү менен өзү сүйлөшүп жооп берүүсүнө түрткү берет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт