Эски аты-жөнүм жазылган дипломум менен жумушка кире аламбы?
Саламатсызбы! Мен аты-жөнүмдү өзгөрттүм. Бирок, дипломум жана аттестатымда мурункусу жазылуу. Эми ошол дипломум менен жумушка кире аламбы?
Марина Гречаная
КР Билим берүү министрлигинин PR-консультанты
Саламатсызбы! Аты-жөнүңүздү өзгөрткөндө аттестатыңыздын жана дипломуңуздун дубликаттарын алууга укугуңуз бар, же болбосо билим алгандыгыңыз боюнча документтериңизди көрсөткөн сайын аты-жөнүңүздү өзгөрттү деген документтериңизди дагы көрсөтүп турушуңуз керек. Жумуш табууда эч кандай кыйынчылык туудурбайт.
Билим берүү министрлиги берген башка жоопторду бул жактан окуй аласыз:
Электрондук кезекке турсак деле бакчага жардам, деп акча талап кылып жатышат
Апам өмүр боюм мугалим болгусу келген бирок атам тыюу сала берет
Кесибим кийим дизайнери мектепте сүрөт сабагынан берип иштесем болобу?
Карантинге байланыштуу контракты төлөө убактысы жылдырылабы?