Коронавирус: профилактика, симптомдору, дарылоо жолдору
Коронавирус жугузуп ооруканада жатып, кийин анын кесепетинен запкы тарткандан көрө оорубай эле койгон жакшы.
Коронавирус жана башка инфекцияларды жугузуу коркунучун төмондөтүу үчүн эмне кылуу керек?
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы рекомендацияларды жарыялады. Андаа бет кап тагынуу (медициналык же кездемеден тигилген) 100% жугузуу коркунучунан коргойт деп айтуу мүмкүн эмес. Бирок маска инфекцияга туш болуу кокустугун кыйла төмондөтөт. Жугузуп алсаңыз деле, оору женил формада өтүп, кийинки жашоого көп кесепети тийбейт.
Эсиңизде болсун! Бул эрежелер коронавирусту жуктууруу коркунучунан эле эмес, грипптен, суук тийүүдөн, ичекарын инфекцияларынан, гепатит “А” оорусунан (сарык) да алдын алат.
Коронавирустун симптомдору
Симптомдору кадимки грипп менен суук тийүүгө окшош: жөтөл, температура, энтигип дем алуу, демдин кысылышы. Көпчүлүгү жыт сезбей калышат. Андан тышкары баш ооруп муундар сыздатып, ич өтүшү да мүмкүн.
Ошол эле учурда айрым симптомдор дароо пайда болсо, айрымдары убакыттын өтүшү менен байкалат.
Симптомдордогу айырмачылыктар
Симптомдору | Коронавирус | Суук тийүү | Грипп |
Температура көтөрүлөт | көбүнчө | сейрек | көбүнчө |
Шалдырайт | кээде эле | кээде эле | көбүнчө |
Жөтөлөт | көбүнчө (кургак) | сейрек | көбүнчө (кургак) |
Чүчкүрөт | жок | көбүнчө | жок |
Муундар ооруйт | кээде эле | көбүнчө | көбүнчө |
Мурун бүтөт | сейрек | көбүнчө | кээде эле |
Тамак ооруйт | кээде эле | көбүнчө | кээде эле |
Ич өтөт | сейрек | жок | кээде эле |
Баш ооруйт | кээде эле | сейрек | көбүнчө |
Энтигип дем алат | кээде эле | жок | жок |
Маалымат: Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, АКШнин ооруларды изилдөө жана профилактика жүргүзүү борборунан алынды.
Өтө маанилүү! Эгер сизде бул симптомдор байкалса, өз алдынча ооруканага барыштын зарылчылыгы жок. Жолдон баратып ондогон адамдарга жугзушуңуз мүмкүн. Дароо дарыгерлерди үйгө чакыртыңыз.
Бишкекте турсаңыз 118 чукул байланыш номерине чалыңыз. Сизге мобилдик бригада келип, анализ алат. Эгер Кыргызстандын башка аймагында турсаңыз анда тез жардамга, штабга, өзүңүздүн поликлиникаңызга байланышыңыз.
Дарылоо жана вакцинация
Вакцина дарыдан эмнеси менен айырмаланат? Вакцинаны ооруй элек адамга, мындан ары да оорубасын деген максатта сайышат. Ал эми дарыны ооруп калган адамга беришет.
Конкреттүү түрдө коронавирустан деп аталган дары ойлонуп табыла элек. Ошондуктан дарыгерлер дарылануунун симптоматикалык деп айтышат. Бул эмне дегенди билдирет? Эгер сизде пневмония өрчүп кеткен болсо, пневмонияга каршы дары берилет. Эгер тамагыңыз ооруп жатса, тамакты дарылашат. Эгер кычкылтек жетишсиз болсо, анда кычкылтек менен дем алдыруучу аппарат беришет.
Коронавирусту айыктыруучу дарынын үстүнөн илимпоздор иштеп жатышат. Учурда 8 өлкөдөн ойлонулуп табылган вакциналар тестирлөөдөн өтүүдө. Айрымдарын жаныбарларга сайып тажрыйбалар жүрүүдө. Вакцинаны өндүрүшкө чыгарууга макулдук алуу үчүн көптөгөн изидөөлөрдү жүргүзүп, тажрыйбаларды өткөрүп, уруксат берүүчу документтерди чогултуу зарыл. Ошондуктан эгер сиз бир өлкөдо вакцина ойлонулуп табылыптыр деп окусаңыз, ал дары эртең эле Кыргызстанда да пайда болот дегендик эмес.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун пикири боюнча калкты вакцинация кыла турган препарат 2021-жылдан мурун пайда болбойт.
Вакцинанын эмне кереги бар?
Биринчиден, улгайып калган жана өнөкөт оорулары бар адамдардын ден соолугуна чоң коркунуч бар. Алар бул оорунун жугузуп алышса, өлүп калышы мүмкүн.
Экинчиден, ооруп калгандар менен тынымсыз контакта жүргөндөр бар – бул доктурлар. Ошондуктан аларга да вакцина керек. Аны менен ооруп калгандарды коргоочу костюмдарды кийбестен иштеп жүрө беришет. Себеби атайын костюмдар менен бирр күн кечке жүрүп иштөө абдан оор.
Үчүнчүдөн, дүйнө жүзү боюнча карантинге карата чараларды алып салуу үчүн керек. Карантиндик чараларды алып салуу үчүн жер шарынын калкынын 70%да коронавируска каршы иммунитети бар болууга тийиш.