// //

Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулар тукумсуздукка алып келет

2020.06.12, 10:12
4234

Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекциялар табарсык системасын башкача айтканда жыныстык органдарды жана заара чыгаруучу каналдын оорусун пайда кылат, даарыланбай жүрө берсе аялдын да эркектин да тукумсуздугуна алып келет жана репродуктивдик системага терс таасирин тийгизип, кээ бир учурларда жатындын рак оорусуна чалдыктырат. Бирок сифилис, гепатит, ВИЧ сыяктуу инфекциялар организмди толугу менен жабыркатат, дейт венеролог Гүлкайыр Рысалиева .

Бүгүнкү күндө медицинага ЖКАЖО инфекцияларынын 30дан ашык түрү белгилүү. Статистикалык комитеттин маалыматына ылайык Кыргызстанда кеңири тарагандары:

  • трихомониаз
  • хламидиоз
  • гонорея
  • сифилис
  • ВИЧ-инфекциясы.

Көпчүлүк, жыныстык оорулар социалдык жактан начар жашаган адамдарга тиешелүү, деген жаңылыш пикирде болушат. Чынында андай эмес. Жыныстык ооруга бой жеткен жана жыныстык жашоо менен жашаган ар бир адам кабылып калышы мүмкүн.

Көп адамдар “бирөө билип калса эмне болот?” деген ой менен дарыгерге кайрылышпай, ооруну өз учурунда аныктап, даарылабай жүрө беришет .

Биз анонимдүүлүккө кепилдик беребиз, - деп билдирди венеролог. Ошондуктан, эч нерседен коркпой тезирээк доктурга кайрылуу зарыл. Канчалык эрте кайрылса, ошончолук ЖКАЖОну эффективдүү айыктыруу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

Башка ЖКАЖОлорго салыштырмалуу ВИЧ-инфекциясынан айыгып кетүү мүмкүн эмес. Анда - адам өзүн өзү сактай билиши зарыл. ЖКАЖОнун алдын алуунун эң негизги ыкмасы - ар дайым жана туура презервативди колдонуу.

Презерватив аял менен эркекти ЖКАЖО жана ВИЧ-инфекциясынан гана сактабастан, пландаштырылбаган кош бойлуулукту да алдын алат.

Жогорку категориядагы дарыгер, дерматовенеролог Айбек Асановдун айтканына караганда, жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулардын козгогучу ар нерсе болушу мүмкүн: вирустар, бактериялар, грибок ж.б.

ЖКАЖОнун корунучтуусу көпчүлүк учурда симптомсуз өрчүйт. Башкача айтканда ооруган адам, инфекциянын алып жүрүүчүсү экенин билбейт.  Башаламан жыныстык жашоо менен жашаган киши, кимден жугузганын жана кимге жуктуруп жатканын аңдай албай калат.

Жыныстык оорулар өзү эле айыгып кетиши мүмкүнбү?

Жок. жыныстык катнаш аркылуу жуккан оорулар эч убакта өзүнөн-өзү айыгып кетпейт. Убагында аныкталып, айыктырылбай жүрө берсе, убакыттын өтүшү менен өнөкөт формага өтүп, аялдын да эркектин да тукумсуздугуна алып келет.

Андан тышкары Хламидиоз өнөкөт ооруга айланса синдром Рейтера деген диагноз коюлат. Муундар, табарсык органдар жана көздүн ичиндеги чел кабыгы (сетчатка глаза) жабыркайт.

Көз көрбөй калышы мүмкүн.

Гонорея эркектердин жыныс мүчөсүнүн каналдарын гана жабыркатпастан, козгогуч микроб өйдө көтөрүлүп, простата бездерин, табарсыкты жана бөйрөктү сезгентет. Ошондо дагы дарыланбай жүрө берсе, өнөкөт ооруга айланып, жүрөк кан тамыр, муун ооруларын пайда кылат. Өз убагында аныкталып, даарыланбаса, ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуу тобокелчилиги жогорулайт, башкача айтканда оңой жана бат жугузуп алууга шарт түзүлөт.

Аялдар жыныстык ооруга көбүрөөк туш болушат деген чынбы?

Ооба.

Аялдын дене түзүлүшүнүн анатомиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жыныстык катнаш учурунда оору жугузуп алуу коркунучу жогорураак болот. Анын үстүнө оору башында белги бербей өрчүй берет.

Мисалы, эркектердин жыныс мүчөсүнүн заара чыгаруучу каналы кыска болгондуктан, көпчүлүк учурда оору жуккандан эки-үч күндөн бир жумага чейинки убакыт аралыгында кычышып, ачышып, тез-тез заара ушатканы чуркап жана көгүш түстөгү ириң суюктугу келе баштайт.

Ал эми аялдардын 60-70%ы ооруп калганын сезбейт жана оорунун симптомдору 2-3 жумага чейин аныкталбай жүрө бериши ыктымал. Эч кандай чара көрүлбөгөндүктөн айымдар көбүрөөк жабыркашат, деп билдирди Гүлкайыр Рысалиева.

Эгерде адам өзү ЖКАЖО жугузуп алдым деп шектенсе, үйдө өзүн-өзү же бир жактан, бирөөдөн качандыр бир мезгилде уккан же интернеттеги маалыматтын негизинде даарылар менен даарыланбастан, шашылыш түрдө доктурга кайрылуусу зарыл!

Жыныстык катнаш аркылуу жугуучу ооруларды алдын алуу үчүн дарыгерлер төмөнкү шарттарды сактоону сунушташат:

  • Узак, моногамдуу, бир өнөктөш менен жыныстык мамиле куруу
  • Презервативди ар дайым жана туура колдонуу. Презерватив бул гонореяны эле эмес башка жыныстык жол аркылуу жугуучуу ооруларды, ВИЧ инфекциясын жана дагы пландаштырылбаган кош бойлуулуктуу алдын ала алчу каражат. 
  • Жылына ар кандай жыныстык жол аркылуу жугуучу ооруларга бир-эки жолу анализ тапшырып, медициналык текшерүүдөн өтүп туруу жана зарылчылык болсо сөзсүз түрдө даарылануу.

Өзүңүздүн жана өнөктөшүңүздүн ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылгыла!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт