// //

Өспүрүм балдар жыныстык катнаш жөнүндө билиши керекпи? Психолог айтып берет

2020.05.21, 12:04
4801

Биздин коомдогу көпчүлүк үй-бүлөлөрдө балдарга жыныстык катнаш жөнүндө айтып берүүнү туура эмес көрүшөт, дейт балдар психологу Асель Суюнбаева. А бирок, өз маалында жана туура жеткирилген маалымат кыз-жигиттерди опурталдуу иш жасаардан алып каларын эске алуу керек, экенин эскертет.

Өспүрүм балага жыныстык катнаш тууралуу айтып берүүнүн эмне кереги бар?

Бул адамдын жашоосунун олуттуу бир бөлүгү. Аны биз канчалык жаап жашырганда деле бала акыры билет. Тилекке каршы, көпчүлүк учурда жыныстык катнаш жөнүндө туура эмес, бурмаланган маалыматты алат.

Жыныстык катнаш жөнүндө айтып беришсе, өздөрү ошого үндөп жаткандай болуп калбайбы?

Мен 20 жылдан бери психолог болуп иштейм. Туура берилген маалыматтан бузулуп кеткен баланы көргөн жокмун. Өз маалында жана жеткиликтүү кылып айтып берсе, бул аны ката кетирүүдөн сактайт.

Жыныстык катнаш темасына тыюу салып, ыңгайсыз суроолорду берсе  урушуп, уяткарган туура эмес. Баланын психологиясында жыныстык катнаш аморалдуу жана терс көрүнүш катары калыптанып калат. Бул келечекте комплекстерди жаратып, үй-бүлөлүк жашоосунда көптөгөн кыйынчылыктардын, түшүнбөстүктөрдүн келип чыгышына себепкер болот.

Сөздү эмнеден баштоо керек?

Алгач бул тема тууралуу кеңири маалымат окуп, өзүңөр жакшылап түшүнүп алгыла. Уялуу, ыңгайсыздануу сезиминен арылгыла.

Ал эми айтып бере турган учур өзү эле келет. Баланын берген суроолорунан, жүрүм турумунан эле ата-эне сезет.

Ошондо шашпай отуруп, бардыгын ирети менен айтып бергиле. Сөздөрүңөр түшүнүктүү жана жөнөкөй болсун. Бардык суроолоруна чынчыл, так жооп бергиле.

Канча жашында айтып бериш керек?

Кичинекей балага бул тема кызык эмес, 16-17деги өспүрүм бала өзү эле эбак эле билип алган болот.

Ошондуктан бул тууралуу анын денесинде өзгөрүүлөр башталганга чейин айтып берүү керек. Кыздардын төшү чыгып, этек кири келет, эркек балдарда түнкү поллюциялар пайда болуп, денесине түк чыгат, үнү өзгөрөт.

Эмнелерди айтып бериш керек?

Биринчи адамдын физиологиясын, кыз менен эркектин айырмачылыгын. Жыныстык органдар кандай функция аткараарын, келечекте денесинде өзгөрүүлөр болот, андан чоочулабай эле коюу керек экенин түшүндүрүп бергиле.

Андан тышкары өздүк гигиена тууралуу түшүнүк бергиле. Өспүрүм бала өзүнүн тазалыгына өзү көңүл буруп, бул ден соолугу үчүн маанилүү экенин түшүнүшү керек.

Эмнелерди айткан болбойт?

Ашыкча деталдардын кереги жок. Мисалы 10-11 жаштагы балага жыныстык катнаш процессин толугу менен айтып, оргазм жөнүндө түшүндүрүп, муну эротика киносу сыяктуу же тетирисинче романтикалуу кылып айтуунун зарылчылыгы жок. Бардыгын жөнөкөй жана кадимки көрүнүш катары жеткирүүгө аракет кылгыла.

Мындай сүйлөшүүлөрдүн акыркы этабы контрацепция тууралуу айтып берүү.

Презерватив жалаң эле күтүлдбөгөн кош бойлуулуктун алдын албастан жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекциялык оорулардан, анын ичинде АИВден (ВИЧ) да сактайт.

Узак, моногамдуу, бир өнөктөш менен жыныстык мамиле куруу, презервативди ар дайым жана туура колдонуу зарыл.  

Бул жөнүндө 14-15 жаштагы өспүрүм балдарга айтып берүү керек. Кыздар да эркек балдар да билүүгө тийиш.

Өзүңүз түшүндүрүп берүүдөн уялсаңыз, гинекологго же урологго көрсөтүп, андан түшүндүрүп берүүсүн сураныңыз. Өспүрүм балдар өзүнүн ата-энесине караганда адистин пикирин көбүрөөк угушат.

Балдардын келечеги, жана ден соолугу ата-эненин колунда!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт