// //

Тукумсуздукка дейре жеткизген гонорея оорусу тууралуу венеролог айтып берет

2020.05.04, 14:46
3919

Гонорея – жыныстык жол аркылуу жугуучу венерикалык оорулардын ичинен эң көп кездешкен түрү. Аны жугузуу жолдору, белгилери жана дарылоо жолдору туурасында венеролог Гүлкайыр Рысалиева айтып берет.

Гонорея деген кандай оору?

Гонорея байыркы грек сөзү, бизче которгондо “урук суюктугу” дегенди билдирет. Оорунун козгогучу – гонококк микробу.  Гонорея жыныс органдарынын былжыр челин сезгендирет.

Ал кандай жолдор аркылуу жугат?

  • Эң көп кездешүүчү жолу баш аламан, кокусунан жана коргонуусуз жыныстык катнаш (оралдык, вагиналдык жана аналдык) аркылуу.
  • Оорулуу адам колдонгон турмуш-тиричилик буюмдары: сүлгү, самын, дене жышыгыч (мочалка).
  • Оорулуу энеден балага. Мисалы, кош бойлуу айым төрөт учурунда ымыркайга жуктурган учурлар көп кездешет. Баланын көзүнүн былжыр чели сезгенип төрөлөт.
  • Ата-энеси менен чогуу уктаган балдарга төшөк, жууркандар, кийимдери аркылуу жугат. Ошон үчүн үй-бүлөдө аялы же күйөөсү ооруп калса, балдары барбы сурайбыз. Эгер бар болсо, алардан дагы анализ алынат.

Гонореянын симптомдору кандай болот?

Оорунун белгилери эркек менен аялдарда ар түрдүү болот. Эркектердин жыныс мүчөсүнүн заара чыгаруучу каналы кыска болгондуктан, көпчүлүк учурда оору жуккандан эки-үч күндөн бир жумага чейинки убакыт аралыгында кычышып, ачышып, тез-тез заара ушатканы чуркап жана көгүш түстөгү ириң суюктугу келе баштайт.

Аялдардын 60-70%ы ооруп калганын сезбейт жана оорунун симптомдору 2-3 жумага чейин аныкталбай жүрө бериши ыктымал. Аялдарда курч кармаган түрүндө жыныс кынына ириң суюктугу бөлүнүп чыгат, ичинин төмөн жагы, бели оорутат, табарсыгы сезгенип, бат-бат заара кылат жана дене табынын көтөрүлүшү байкалат.

Ооруну дарыгер кантип аныктайт?

Көпчүлүк учурда заараны анализге тапшырып, гонореянын бар жогун аныктаса болот. Эгер оралдык же аналдык жыныстык катнашта болсоңуз анда түз ичегиден же кекиртектен “мазок” алынат. Оорунун кандайдыр симптомдору бар болсо, тез арада доктурга көрүнүү зарыл. Канчалык доктурга эрте кайрылсаңыз, ошончолук оорунун ден-соолугуңузга тийгизген терс таасирин алдын ала аласыз.

Гонореяны дарылабай койсо эмне болот?

Гонорея эркектердин жыныс мүчөсүнүн каналдарын гана жабыркатпастан, козгогуч микроб өйдө көтөрүлүп, простата бездерин, табарсыкты жана бөйрөктү сезгентиши мүмкүн. Ошондо дагы дарыланбай жүрө берсе, өнөкөт ооруга айланып, жүрөк кан тамыр, муун ооруларын пайда кылат, энеден балага жугушунун тобокелчилигин жогорулатат жана ымыркайдын тубаса оорулар менен төрөлүшүнө себепкер болот.

Эң коркунучтуусу тукумсуздукка алып келет.

Аялдарда дагы козгогуч микроб жыныс кынынан өйдө көтөрүлүп энелик бездерин, жатын түтүкчөлөрүн, жумурткаларды сезгентет. Андан тышкары, гонореяны айыктырбай жүрө берүү, адамдын вирустук иммунжетишсиздик (ВИЧ) инфекциясын жуктуруп алуу тобокелчилигин жогорулатат.

Гонореядан толугу менен айыкса болобу?

Ооба, албетте болот. Эгер дарыгердин айткандарын так жана өз маалында аткарып, дарыларды туура ичсе. Бейтап гонорея оорусуна чалдыкканын билгенден кийин эч качан өз алдынча дарыланбашы керек. Сөзсүз түрдө кесипкөй адистерге кайрылып, жардам суроо зарыл.

Көп адамдар “бирөө билип калса эмне болот?” деген ой менен дарыгерге кайрылышпайт. Биз анонимдүүлүккө кепилдик беребиз.

Гонореяны дарылоонун ар кандай түрлөрү бар: вакцина, антибиотик, таблеткалар ж.б. Ар бир бейтапка индивидуалдуу дарылоо курсу жазылып берилет.

Дарыланып бүткөндөн кийин, кайра качан жыныстык катнашка барса болот?

Бардык дарыларды ичип, процедуралар бүткөндөн кийин дагы жети күн күтүп туруу зарыл. Мындай чара, өзүңүздү жана жыныстык өнөктөшүңүздү экинчи ирет жугузуп албоо үчүн көрүлөт.

Гонореядан дарыланып бүткөндөн кийин деле кайрадан жугузуп алуу коркунучу жогору. Ар дайым ден соолукка кам көрүп, жыныстык катнашка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарыл.

Гонореяны кантиа алдын алса болот?

Узак, моногамдуу, бир өнөктөш менен жыныстык мамиле куруу жана презервативди ар дайым жана туура колдонуу зарыл. Презерватив бул гонореяны эле эмес башка жыныстык жол аркылуу жугуучуу ооруларды, ВИЧ инфекциясын жана дагы пландаштырылбаган кош бойлуулуктуу алдын ала алчу каражат. Андыктан, презервативди ар дайым жана туура колдонуу керек.

Мындан тышкары, өзүңүз да, өнөктөшүңүз да жылына ар кандай жыныстык жол аркылуу жугуучу ооруларга бир-эки жолу анализ тапшырып, медициналык текшерүүдөн өтүп туруу маанилүү.

Ден соолукта болуңуз! Сиздин ден соолугуңуз сиздин колуңузда!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт