// //

Аракеч ата-эненин бой жетип калган балдары - психологияда ушундай диагноз бар

2020.06.08, 17:35
2168

Аракеч ата-эненин бой жетип калган балдары - психологияда ушундай диагноз бар. Орусча айтканда ВДА (взрослые дети алкоголиков). Бул синдромдун себептери, белгилери жана андан арылуу жолдору тууралуу психолог Мария Самсонова айтып берет.

Ата-энесинин бири же экөө тең аракеч үй-бүлөдө өскөн адамдардын психологиялык көйгөйлөрү индивидуалдуу. Бирок жалпы окшоштуктары көп.  

Арак ичкен адам менен бир үйдө жашоо абдан оор. Ал нормалдуу тиричилик жүргүзүүдөн кескин айырмаланат. Себеби эч кандай туруктуулук жок.

Мындай үй-бүлөдө болгону уруш-талаш, ичимдик, ур-токмок стабилдүү болуп турат. Ошондуктан психологиялык жактан мыйндай чөйрө адамдын, өзгөчө баланын аң сезимине таасирин тийгизип, акырындык менен бир катар сапаттардын пайда болушуна алып келет.

Өзүн коргоо үчүн келип чыккан мүнөздөр:

Жан дүйнөсүн эч кимге ачпайт

Бала кезинде атасынын же апасынын ичимдик ичкенин көрүп өскөн бала жан дүйнөсүндө болуп жаткан кайгысы, коркунучу, ачуулануусу менен бөлүшө албайт. Адатта ата-энеси үйдөгүнү башкаларга айтып берүүсүнө тыюу салышат, болбосо бала тил угат, таяк жейт.

Алар өмүр бою жеке жашоосун адамдардан жашырып жүргөндү туура көрүп калышат. Кошуналарым, классташтарым, досторум, кесиптештерим билип калса уят. Мени менен мамиле курбай коюшат – деген коркуу сезими менен жашашат.

Натыйжада, адам бой жеткенде деле эч кимге жан дүйнөсүн ачып бере албайт. Башкаларга кайрылып жардам сураганды билбейт. Таарынычын, кайгырып жатканын айтканды намыс көрөт.

Сезимталдыгы жогоглот

Бир нерсени сезүү бул жаман. Андан көрө эч нерсени сезбей эле койгон жакшы. Бул бала кезинен эле калыптанып калган жашоосунун урааны болуп калат.

Мындай адамдар ички дүйнөсүн каптап турган сезимдерин басып, жокко чыгарганды мыкты өздөштүрүп алышат. Эмоциялары, сезимдерин сыртка чыгарбайт. Ал үчүн кубануу, кайгыруу, жакшы көрүү жаман көрүү - бирдей.

Психологго консультацияга келгенде, ата-энеңиз ичкенде кандай сезимдер пайда болчу, деген суроого: “Эч кандай”, “Эч нерсе сезчү эмесмин”, - деп жооп беришет. Же болбосо, балалык кезиндеги оор күндөрүн эмоциясыз, муздак айтып беришет.

Жаратынын канчалык деңгээлде терең экенин туюп турса да, сезимин ачыктагысы келбейт. Башкалардын ага боор оорусун каалабайт, байкуш көрүнгүсү келбейт.

Бири-бирине карама-каршы сезимдерге туш болот

Психология тилинде амбиваленттик сезимдерге туш болуу, деп айтылат. Бир четинен ата-энесин чексиз жакшы көрөт, ошол эле учурда жек көрүү сезими да күчтүү болуп турат. Алардын мыкты сапаттарын, боорукерлигин, колу жөндөмдүүлүгүн, түшүнүктүу болгонун ж.б. баалайт, бирок балалыгы кайгы-муңга батканы үчүн кечире албайт.

Бир чети дос күткүсү келет, жан дүйнөсүн кыйнап жаткан сезимдери менен бөлүшкүсү келет, экинчи жагынан адамдар мени түшүнүшпөйт, мени сындашат, менден баштартышат, деген коркунучта жашайт.

Өзүн алсыз адаммын деп эсептейт

Ата-энесинин аракечтигин жеңе албаган соң, колуман эч нерсе келбейт, деген ишеним бала кезинен калыптанып калат. Мындай ой жүгүртүү кийинки жашоосуна да таасирин тийгизет.

Табиятынан берилген талантына, жөндөмдөрүнө маани бербейт, колунда турган мүмкүнчүлүктөрду колдоно албайт.

Айрымдар тескерисинче ашыкча жоопкерчиликтүү болуп калат

Үй-бүлөдөгү туруксуздук, ар дайым бардыгын көзөмөлдөп туруууга түртөт. Ата-энесинин, бир туугандарынын, жубайынын/күйөөсүн, кайын журтунун, досторунун көйгөйлөрүн өз мойнуна жүктөп алат.

Андан сурабаса деле жардам берүүгө шашылат. Өзү жардамга муктаж экенин аңдабайт.

Ар кимден чыккынчылыкты күтө берет

Эң жакын адамын тапса да, дос күтсө да бардыгынан шекшинип турат. Адамдарга ишене албайт, бир мандеми бар, сызга отургузуп кетет, таштап кетет, алдап кетет, жумушуман айдап жиберет, деген ойлор ар дайым мээсин ээлеп турат.

Мындай симптомдор дагы көп. Бала кездеги травмалар менен иштөө  үчүн бир нече этаптан турган иш жүргүзүлөт.

  • Баштапкысы, ата-эненин аракечтиги кандай көз карашты, кандай мүнөздү жана кандай коркууларды пайда кылгандыгы аныкталат. Кайсылары жашоого оң таасирин тийгизиген, же күнүмдүк жашоодо жардам берген. Кайсылары азыркы күнгө чейин кыйнайт, тоскоолдук жаратат.
  • Экинчи баскычы, эң оор. Анткени бала кездеги жагымсыз окуяларды эстеп, аларды кайра баштан кечирүү, алардын психикага кандай таасир эткенин кабыл алуу. Жашоого башкача көз карашта болууга үйрөнүү, адамдар менен мамиле курууда жаңы стратегияларды иштеп чыгуу.
  • Үчүнчү баскычта адамда пайда болгон өзгөрүүлөрдү бекемдөө боюнча иш жүргүзүлөт.

Бул процессти тез деп айтууга болбойт. Кичинеден болсо да алдыга кадам таштап, жан дүйнөнү муунтуп жаткан өткөн чакты артка калтырып, жаңы жашоого акырындык менен, чыдамкайлык менен бет алуу зарыл.

Анын натыйжасы – учурдагы жашооңузга терс таасирин тийгизип жаткан мурунку таарынычтардан, нааразычылыктан арылуу. 

Ата-эненин аракечтиги – бул өмүр бою маңдайга басылган так эмес.

Сиздин жашоо өзүңүздүн колуңузда.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт