// //

Гинекологго барсам кагаз түрүндө кыздыгым бар же жок экенин жазып бере алабы?

2020.06.08, 16:19
1428

Саламатсызбы. Нике түндө кыз чыкпай калдым, кан болгон жок. Бирок буга чейин бир да эркек кишиге жологон эмесмин. Күйөөмө “жүр анда гинекологго баралы” десем, “мен сага ишенем”, деп такыр көңүл бурбай койду.

Эгер гинекологго барсам, кыздыгым бар же жок экенин кагаз түрүндө чыгарып бере алабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.06.2020, 16:23

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Гинеколог кыздык белгинин бар же жогун жыныстык катнашка бара электе аныктай алат, бирок жазып берүүгө акысы жок. Жыныстык дебюттан кийин мындай корутунду чыгарыш ого бетер оор. Анын үстүнө бул соттук-медициналык эксперттин ыйгарым укугу.

Бирок биринчи жыныстык контакттан кийин кандын жок болушу кыздык болгон эмес дегендикке жатпайт. Эгер кыздык белги абдан жука жана ийкемдүү болсо, ал айрылбайт, же болбосо айрылган жеринде майда кан тамырлар абдан аз болгон, ошондон улам кан жокко эсе болот.

Кыздык белгинин сиз билбеген 5 сыры, бул жерден окусаңыз болот.

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден гинекологдун башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:

Кош бойлуумун аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу

Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет

18 жашымда дары менен бодйон түшүргөм, эми төрөй албаганым ошондонбу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт