// //

“Телегония” деген түшүнүк чынбы же калппы? Гинеколог жооп берет

2020.06.05, 10:34
1882

Саламатсызбы. Медицинада “телегония” деген түшүнүк бар экен, ошол канчалык деңгээлде чындыкка дал келет? Аял киши мурунку жыныстык өнөктөшүнүн уруктугунун ДНКсы аялдын жатынында сакталып калат деп айтылат. Ошондой болушу мүмкүнбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.06.2020, 10:35

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык.

Телегония  - бул аялдын жыныстык өнөктөштөрү өзүнүн генетикалык материалын аялга өткөрүп берет, келечекте анын балдарынын атасы башка киши болсо дагы, биринчи жыныстык өнөктөшүнө окшош болот, деген теория.

Медицинада мындай түшүнүк жок. Бул болгону ушу күнгө чейин далилденбеген теория. Эркектин генетикалык материалы аялдын денесинде сакталып калбайт. Болгону уруктануу жүргөн учурда бир гана сперма аялдын жумуртка бези менен кошулат, жана болочок түйулдүкту калыптандырат. Ал эми калган сперманын бардыгы 24 сааттын ичинде соолуп калышат.

Генетика абдан татаал жана кызыктуу илим, бирок бүгүнкү күнгө чейин телегония териясына далил табыла элек.

Клетканын энергетикасына ишенген адамдар да бар. Бирок бул илим эмес, эзотерикага жатып калат. Аны илимий факт катары таңулоо чон жаңылыштык.

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден гинекологдун башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:

Кош бойлуумун аз-аздан кан кетип жатат. Коркунучу жокпу? Гинекологдун жообу

Жатыным эки ача экен, бойго бүтүүгө тоскоолдук болбойбу? Гинеколог жооп берет

18 жашымда дары менен бодйон түшүргөм, эми төрөй албаганым ошондонбу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт